Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

ПРЕЗИДЕНТ УТРКны РЕФОРМАЛОО БОЮНЧА ЖАРЛЫККА КОЛ КОЙДУ


4-сентябрда президент Курманбек Бакиев Улуттук телерадиокомпанияны реформалоо боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык олустук телекомпаниялар, УТРКнын алдындагы “Учур” теле театры жана маркум дирижер Асанкан Жумакматовдун камералык оркестри Маданият жана маалымат министрлигинин курамына өткөрүлүп берилет. Медиа институту өкүлүнүн айтымында, аталган жарлык УТРКнын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Ал эми парламенттин билим, илим жана маалымат саясаты боюнча комитеттин төрагасы Иса Өмүркулов болсо буга караманча каршы. Анын пикиринде өлкө башчысынын бул жарлыгы менен УТРКда реформа ишке ашып кетпейт.

Өлкө башчысынын Улуттук телерадиокмпанияны реформалоо боюнча жарлыгы облустук телекомпаниялардын ишин алга жылдырууга түрткү болуп, Маданият жана маалымат министрлигинин жоопкерчилигин күчөтөөрүн аталган тармактын министри Султан Раев мындайча түшүндүрдү:


- Эми облустук телерадиокомпанияларга мамлекеттик колдоо болот. Буга чейин УТРК, жергиликтүү бийликтер аларды карабай калган. Облустук телекомпанияларды өнүктүрүш керек да. Эми алар мамлекеттик камкордукка алынат дагы биз жакшы шарт түзүп беребиз.

Султан Раев белгилегендей буга чейин УТРКнын курамында болуп келген “Учур” телетеатры, Академиялык хор менен симфониялык оркестр Маданият жана маалымат министрлигине абдан туура өткөрүлүп берилди. “Учурда булар боюнча жоболор иштелүүдө.

Келерки аптада облустук телерадиокомпаниялардын жетекчилери менен дагы тактап өкмөткө беребиз. Андан кийин өкмөттүн токтому чыгат”,-деди Раев. Ал ошондой эле облустук телекомпаниялардын жетекчилерин облустун гбернаторлору сунуштап министрлик тарабынан дайындалаарын кошумчалады.

Медиа институту өкүлү Илим Карыпбеков дагы президенттин УТРКны реформалоо боюнча жарлыгы аталган компаниянын ишин жогорку деңгээлге көтөрүүгө түрткү болот деп эсептейт. Анын көз карашында бир жарым миң киши иштеген Улуттук теле-радиокомпанияда штаттык кыскартуулар болуп, теле жана радио берүүлөрдүн сапаты жогорулап, жетекчиликтин өз алдынча иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

- УТРКнын тарыхында биринчи жолу Улуттук телерадиокомпаниянын башкы директоруна өз алдынча башкарууга өзгөчө ыйгарым укуктар берилип жатат. Аткаруу бийлигине көз карандысыз болгонго багыт алган мүмкүнчүлүктөр берилип жатат.

Илим Карыпбековдун пикиринде бул жарлыкты ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн УТРКнын жетекчилиги да, Маданият министрлиги да натыйжалуу иш алып баруусу зарыл.

Жогорку Кеңештин билим, илим жана маалымат саясаты боюнча комитеттин төрагасы Иса Өмүркулов болсо буга чейин азыркы бийлик башка тармактарда дагы бир катар реформаларды жүргүзүү аракетин көргөнүн, бирок алар майнаптуу ишке ашпаганын белгиледи. Анын айтымында, “орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт”, УТРКны реформалоого кылган аракеттен кандайдыр бир натыйжа чыгары күмөн:

- Улуттук телерадиокомпания өзүнүн жалпы мамлекетте болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, жаңылыктарды бардыгын ачык, айкын чындыкты болгонун болгондой айтууга жетишмейинче эч убакта бир дагы реформа алдыга жылыштарды алып келбейт.

Өмүркулов буга чейин аткаруу бийлиги маданияттагы мурдагы баалуулуктарды, жетишилген ийгиликтерди сактап калууга кудурети жетпегендей эле, эми УТРКдагы айрым структураларды Маданият жана маалымат министрлигине өткөрүп берүү менен алардан да кол жууп калуу коркунучу бар экендигин кошумчалады.

- Оболу маданият тармагындагы мурдагы жетишкендиктерди сактап калууга дагы эч бир чара көрүлгөн жок. Эми каражат жетиштүү берилбейт дагы, Маданият жана маалымат министрлигине кошулган УТРКнын структуралары жыл айланбай сапаты дагы жоголот, анан өздөрү дагы жоголот деген пикирдемин.

Парламенттин билим, илим жана маалымат саясаты боюнча комитеттин төрагасы буга чейин “Телерадио уктуруулар жөнүндө” мыйзам жана УТРКны коомдук телевидение кылып түзүү демилгесин бийлик тарабынан атайын жокко чыгарылышы сөз эркиндигин чектеп, демократиялык алга жылууга кедерги болот деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG