Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

ООГАНСТАН: ГЕРАТТАГЫ ЖАҢЫЛЫШ БОМБА ЖАПЫРЫК КАЙРА ТЕРИШТИРИЛЕТ


АКШнын Ооганстандагы аскерий жетекчилиги августта Гератта өткөрүлгөн аскердик операцияга байланышкан жагдайды кайра териштирүүгө киришти. Улуттар Уюму менен Кабул өкмөтүнүн өкүлдөрү америкалыктар бир кыштакты жаңылыш бомбалап алышып, көптөгөн тургундардын,алардын ичинде аялдар менен жаш балдардын өмүрүнө забын болгонун ырасташкан эле. АКШнын аскери өкүлдөрү муну туура эмес деп эсептешет.

Герат провинциясындагы Азизабад кыштагын америкалык аскери авиация 22-августта бомбалаган болчу. Өткөн жекшемби күнгө чейин командачылык операция маалында талиптердин отуздан ашуун лашкерин тындым кылышканын, калк арасынан беш же жети киши кокустан набыт болгонун айтып келишкен эле.

Бирок мындан эки күн мурда НАТОнун контингентине колбашчылык кылган генерал Дэвид Маккирнан августтагы операциянын чоо-жайы тууралуу жаңы жагдайлар келип чыкканын, ошондуктан жоон топ офицерди ишти кайрадан кылдат териштирип келүү тапшырмасы менен атайын Гератка жөнөткөнүн маалымдады.

Азизабад кыштагынын тургундары бомба жапырык учурунда токсондой киши жер жазданганын айтышкан. Ооган өкмөтү менен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү ишти иликтеп чыгып, алардын маалыматы чын экенин тастыкташты. Буга кошумчалап, набыт болгондордун басымдуу көпчүлүгү аялдар менен жаш балдар экенин ырасташты.

Азизабад кыштагына байланышкан бул окуядан улам президент Хамид Карзай айрым аскер жетекчилерин кызматтан алган. Мындан тышкары ал калк арасында бөөдө чыгымдар көп болуп жатканын айыптап, мындай калпыстыктардан улам Кабул өкмөтү менен чет элдик контингентке элдин ишеними азайып баратканын АКШ менен НАТОнун күчтөрүнө эскерткен.

«Human Rights Watch» уюмунун Азия бөлүмүнүн директору Брад Адамс да коалициялык күчтөргө калктын нааразылыгы күчөп жатканын бышыктап, муну чоң проблема деп атады. “Америкалык аскерлердин аброюна чындап эле коркунуч түзүлүүдө, - деп билдирди ал “Азаттыктын кабарчысына. – Анткени алар көп учурда жалган маалыматтарга таянышат. Натыйжада америкалыктар айткан сөздөргө элдин көбү ишенбей баратат”.

Адамс америкалыктар көп учурда тигил же бу каталыктарды моюнга алгандан качышарын да белгиледи.

Ырасмий маалыматтарда айтылгандай, НАТОлук аскерлердин операциялары маалында быйылкы жылы эле жарым миңден ашуун жазыксыз киши ажал тапты. Июль айында да Нангархан жана Нуристан провинцияларында коалициянын күчтөрү той болуп жаткан эки кыштакты бомбалап, жалпы эсепте алтымыштан ашуун киши өлгөн эле.
XS
SM
MD
LG