Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Ош облустук шайлоо комиссиясы 5-октябрдагы саясий таймашка коммунисттер, социал-демократтар жана «Жаңы Кыргызстан» партиялары гана талапкер көрсөткөндүгүн жарыя кылды. Бирок бийликтин «Ак жол” партиясы бул маалыматты төгүндөп, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 1498 өкүлүн сунуш эткендигин ачыктады. Ошол эле учурда айрым партиялар эмитен эле административдик ресурстар пайдаланылып жаткандыгына кабатырланып, шайлоо таза өтөөрүнөн күмөн санашууда.

Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов «Азаттыкка» буларды маалымдады:

- Жети районго 191 мандат болсо, ага 514 талапкер койду. Ал эми айылдык кеңештерге 1295 мандат болсо, ага 2513 талапкер коюлду. Мына ушулардын ичинен 2985и өзүн-өзү көрсөттү, 41и саясий партиялардан көрсөтүштү. Кыргызстан коммунисттер партиясына 17 талапкер, “Жаңы Кыргызстан” партиясынан 12 талапкер, Кыргызстан социал-демократтар партиясынан 12 талапке бар.

«Ак жол» партиясынын Ош облустук төрагасы Авазбек Шамшиев облустук шайлоо комиссиясынын төрагасынын маалыматын төгүндөп, райондук кеңештерге 200, айылдык кеңештерге 1298 талапкер «Ак жолдун» атынан депутаттыкка талапкерликке көрсөтүлгөндүгүн ачыктады.

- Облус боюнча айылдык кеңештерге 1298 мандат болсо, биз анын баарын көрсөткөнгө аракет кылдык. Райондорго өзүбүздүн эки жүзгө жакын өкүлдөрүбүздү көрсөттүк. Биз өзүн-өзү көрсөтүү жолун тандап алдык. Себеби деген партиянын аброю көрсөтүлгөн ар бир талапкердин аброю болуп эсептелет.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Оштогу штаб башчысы Манас Эргешов «Ак жолдон» башка саясий уюмдарга эмитен эле Ак үйдөн телефон аркылуу тымызын кысымчылык болуп жаткандыгын айтат:

- Курманбек Бакиевге билдирбестен булар телефон аркылуу тоскоолдук кылып жатканына элдин кыжыры келип турат.

Оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук координатору Бакыт Калмаматов да жергиликтүү бийлик тарабынан олуттуу тоскоолдуктар болуп жаткандыгын билдирип, бул жолу да административдик ресурстардын түздөн-түз кийлигишүүсү аркасында шайлоонун жыйынтыгы «Ак жолдун» пайдасына бурмаланаарынан күмөн санабай тургандыгын кошумчалады:

- Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына койгон адамдар кызматтарын тапшырып беришсин деген эрежелерди киргизип жатышат. Жергиликтүү бийликте иштеп жаткан мамлекеттик кызматкер мурдагыдай эле биздин партияга бут тосууларды көрсөтүп, кандайдыр бир себептер менен документтерди бурмалап, кайра жиберишип, тоскоолдуктарды көрсөтүп жатышат. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү нерсе – бул партия өзүнүн көрсөткөн талапкерине үгүт ишин жүргүзө албайт деген дагы бир эрежени кошуп коюшту.

Ош облус губернатору Аалы Карашев президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун жашыруун тапшырмасы менен бийликке жакпаган айрым партияларды күрөштөн четтетүү аракети жасалууда деген кээ бир саясий күчтөрдүн пикирин четке кагып, шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкен мамлекеттик кызматкер токтоосуз жумушунан бошотулаарын эскертти:

- Шайлоолор боюнча мага да кайрылуу келип түшкөн. Бир айыл өкмөткө же бир акимге, губернаторго чыгып туруп бир дагы шайлоолор боюнча мындай кыласың деген бизге көрсөтмө болгон жок. Ош облусунун аймагында «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясы болобу же башка саясий партиялар болобу эч кандай тоскоолдук жок. Эгерде тоскоолдук болгон факт болсо түз айтышсын. Керек болсо мамлекеттик кызматкер болсо ошол күнү жумуштан бошотобуз.
XS
SM
MD
LG