Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

15:20 Улуттук телерадиоуктуруу корпорациясынын жаңы уставы бекитилди


Президенттин жардыгы менен бекитилген уставга ылайык корпорациянын башкаруучу органы катары Байкоочулар кеңеши, коллегия жана башкы директор аталган. 11 кишиден турган Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан беш жылга шайланат. Ал эми башкы директор корпорациянын аткаруучу органы болуп, корпорациянын ишин жетектейт жана жооп берет. УТРКаны реформалоо боюнча президенттин жардыгына ылайык, облустук телерадиокомпаниялар, УТРКдагы Асанкан Жумахмактов атындагы симфониялык оркестр, камералык хор жана “Учур” телетеатры Маданият жана маалымат министрлигине өткөрүлөт. УТРКдагы реформаларга байланыштуу бүгүн президент К.Бакиев анын жамааты менен жолугушат.(AiT)

XS
SM
MD
LG