Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

А.МАТУБРАИМОВ: ӨКМӨТ БИШКЕК ШААРЫН ЖЫЛУУЛУК МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛААРЫН АЙТТЫ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Энергетикалык кризиске кептелген Кыргызстанда кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз болуу маселеси коомчулукту убайымга эмитен эле салууда. Мезгил-мезгили менен өчүрүлгөн электр жарыгы, айыл тургундарынын тезек терип, отун жыюусу канчалык деңгээлде натыйжа берээрин алдын-ала баамдоо кыйын. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн кышка даярдыгы тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда коомдук саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алманбет Матубраимов сөз куруп берди.

- Кечээ президент Курманбек Бакиев ТЭЦти отун менен камсыздоо маселеси чечилди деп билдирди. Өкмөт болсо кышта элди үшүтпөйбүз, караңгы калтырбайбыз деп убада берип келатат. Өндүрүшчү адис катары айтсаныз, ушул бийликтин убадасына ишенсе болобу?

Негизинен айтып келгенде “Токтогул” суу сактагычында суу аз болуп аткандан кийин ар кандай себептер менен айтып жатышат. Бирок негизинен баардыгын кылдаттык менен эсептөө керек.

Эң негизгиси аба ырайы кандай болот, ошол маалыматтарды карап кандай чара карашыбыз керек эле. Экинчи жагынан, чындыгын айтканда бул жерден Бишкектеги ТЭЦтин бир жылда толук 1 млрд. 800 млн. киловатт электр энергия бергенге мүмкүнчүлүгү бар. Бирок азыр ТЭЦ 300дөн 600-800 миңге чейин ар кандай мүмкүнчүлүгү менен иштеп келатат. Аны карап көрүш керек.

Быйылкы жылы эгер мүмкүнчүлүк болуп, өкмөт башчысы, президентибиз сүйлөшүп келип, көмүр, газ, мазут менен ТЭЦти камсыз кылса, анда кандайдыр бир жеңилдиктер болот деген ойдомун. Толугу менен камсыз кылабыз деген маалыматты мен дагы уктум. Бирок Кыргызстанда деген жок, Бишкек шаарында электр энергия, жылуулук боюнча камсыз кылабыз деген нерсени айтып кетти.

Бул жерден чынын айтканда, азыр өзүңүздөр көрүп турасыздар күйүүчү заттардын кандай асманга көтөрүлүп атканын. Газдын баасы былтыр 150 доллар болсо, быйыл андан дагы көбөйө турган маалыматтарды айтып атышат. Жакында эле Өзбекстан менен Орусиянын биргелешип газ түтүктөрүн куруу, андан тышкары 400 долларга чейин деген макулдашуулар келип атат. Негизинен айтканда жылуулуктун баасы көтөрүлгөн сайын, ТЭЦтер иштеп чыккан энергия көбөйгөн сайын бюджеттен ТЭЦке мынча акча каралган деп туруп, акысын азайтуу дегенди уга элекмин.

Экинчиден, Өзбекстандан канча газ келет? Миллиард куб метрге жакын. Үчүнчү жагынан, канча бизге мазут келет? Көмүр менен да азыр толук камсыз кылды дегенди мен уга элекмин.

- Сиз айтмакчы көмүр маселеси азыр өтө тартыш болуп аткандыгы боюнча маалыматтар жетип атат. Мисалы көмүрдүн баасын үч миңден алты миң сомго чейин соодагерлер, ортомчулар чыгарып жиберди деп атышат. Көмүр кенинин айлансындагы жагдай кандай билесизби? Мисалы жергиликтүү эл Кара-Кечеден көмүр алабай жатканы жөнүндө маалыматтарды айтып атышат бизге?

Биринчи жагынан айтканда, мамлекетте өкмөт деген бар. Өкмөт бир эле Кара-Кечени карабастан, Таш-Көмур, Кызыл-Кыя, башка жерлердеги бүт көмүрдү мүмкүн болгончо казып алыш керек болчу. Биз 2 жарым млн. тоннага чейин көмүр казып алып турганбыз. Шахтерлордун көбү азыр жумушсуз. Биз чет элден импорт алып келбестен, ошого кетип жаткан акчанын кандайдыр бир пайызын Кыргызстандын ичинде калтырсак, кендердин ишин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк болот эле. Бул элге дагы, экинчи жагынан ТЭЦке дагы пайдалуу болмок.

ТЭЦке эң жакшы сапаттагы, кубаттуулугу күчтүү көмүрлөр келсе, ошондо жылуулукту, электр энергиясын көп иштетип чыгат. Кара-Кеченин көмүрүнөн болсо көп күл чыгып, башка сапаттары да салыштырмалуу төмөн. Башка жактан ташылып келинген таш көмүрдөн жылуулукту бериши да аз.

-Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG