Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:46

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөр Орусия - Грузия чатагына өз мамилесин билдирише элек. Бир уюмга мүчө эки өлкөнүн куралдуу кагылышы аймактык бүтүндүк менен саны аз калктардын өз тагдырын өзү чечүү укугуна байланып, ортодогу талаш чиеш маселеге айланып баратат. Анын чоо-жайына Бекташ Шамшиев кененирээк токтолмокчу.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине төрагалык кылуу милдетин аркалап жаткан Кыргызстан Орусия-Грузия чатагы тууралуу өз позициясын билдиришке милдеткер. Мындай пикирин жаңыдан түзүлүп жаткан коомдук кыймылдын демилгечилери Бейөкмөт уюмдар менен коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева менен “Евро-Азиялык биримдик түзүү кыймылы” коомдук бирикмесинин башчысы Сергей Бенисович жарыя кылышты.

- “Ар бир өлкө өз ой-пикирин айтпаса ал дагы укук бузууга барабар болот. Башка элдер кысымга алынып жатканда, кыйынчылыкка алып келип жатканда, согуштук кырдаал түзүлүп жатканда Улуттар уюмуна мүчө өлкө өз позициясын айтып, башка калкты баскынга алып, кысымга алышына жол бербеш керек”, - деп айтты Бейөкмөт уюмдар менен коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева.

Анын ырасташынча, Европа биримдигинин жолун улап Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги да орус-грузин чатагын иликтей турган комиссия түзүшү зарыл. Ушундай эле пикирин “Евро-Азиялык биримдик түзүү кыймылы” коомдук бирикмесинин башчысы Сергей Бенисович да жарыя кылды:

- Анда өкмөттөн бийик турган Евроазиялык парламент түзүлүшү эсепке алынган. Момундай талаштуу маселелер уруш талаасында эмес, тынч имарат ичинде, парламентте чечилсе туура болмок.

Андай жаңы түзүм эмес, эңгезер СССР урандысында пайда болгон Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги талаштуу маселени тынч чечүүгө жөндөмсүз уюм экенин Орусия-Грузия чатагы көрсөтпөдүбү. Кабелтең Орусиянын “өзгөчө улуттук кызыкчылыгын” уккан анын өнөктөштөрү чочулап, ушу тапта Түштүк Осетия менен Абхазиянын өз алдынчалыгын таануу маселеси абада калкып турат.

Парламент депутаты Мурат Жураевдин пикиринде, чатактуу аймактардын Грузияга кайрылып келиши кыйын:

- Осетия менен грузиндердин бир жашашын айтыш өтө кыйын. Себеби мынчалыкка баргандан кийин, бири-бирин өлтүргөндөн кийин буларды бир мамлекетте жашайт деп айтыш кыйын. Ошон үчүн булардын бөлүнүп кеткенин туура эле деп ойлойм.

“Эркиндик” партиясынын негиздөөчүсү Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, талаштуу маселенин чечилиши аябай эле татаал болгону турат:

- Бул жерде идеологиялык жактан, дипломатиялык жактан, маалымат жактан Орусия өзүнө жаман жосунду алып келди. Экинчиси, Грузия менен Орусиянын ортосундагы начар мамилени айткым келет. Грузиндер бул жагынан күнөөлүү эмес. Себеби Грузия шериктештиктен чыктым деп он экисинде (августта – авт.) жарыялады. Ал өзүнүн эрки. Грузия Түнтүк Атлантика бирикмесине кирем деп жатат. Ал да өзүнүн эрки. Ал эми Орусия болсо кызганып, ичи тарып, империялык саясат жүргүзүп, жалаң Грузия эмес, Украинага да ушундай мамиле жасап жатат.

Саясат таануучу Асыкбек Оморовдун ырасташынча, Орусиянын империялык дем-дымагы көптөн бери СССР тушунда жетер чегине жеткен өкүмзор саясаттын күүсү менен келатат:

- Булар дүйнө жүзүндө Советтер Союзунун бюджетинин жарымынын көбүн жалаң аскерий курал-жаракка жумшашчу. Анан калганын 34 министрликке бирдей бөлүшчү. Дүйнө жүзүн титиретип турган курал-жаракка ээ болушчу. Ошондой эле башкарууну булар азыр да кармап жатышат.

Ошондон КМШ өлкөлөрү Орyсиянын позициясын ачык колдой албай, уюмга төрагалык кылган Кыргызстан талаш маселе эл аралык укук нормаларынын чегинде чечилиши зарыл экендигин айтуу менен чектелип отурбайбы. Орусиянын Грузияга колдонгон “өзгөчө улуттук кызыкчылыкты” коргоо аракети өнөктөштөрүн кооптонтуп, шериктештик эмдигиче талаштуу маселеге так позициясын билдире албай келатат.
XS
SM
MD
LG