Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:39

21:20 “Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков камакка алынды


Бабырбек Жээнбеков бүгүн кечки саат алтыда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Турат Байчаевдин чакыруусу боюнча суракка барып, андан бир жарым саат өтпөй убактылуу тергөө абагына камакка алынган. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Ашырбек Жорупбеков билдирди. Анын айтымында, Жээнбековдун камалышына эч кандай негиз жок болчу. Аталган гезиттин башкы редактору “Алиби” гезитине байланыштуу “сот чечимин аткарган жок” деген берене боюнча козголгон кылмыш иши боюнча камакка алынганын “Азаттыкка” тергөөчү Турат Байчаев да тастыктады.

Гезит быйыл жыл башында “Президенттин инисинин ишин ким тергейт?” аттуу макала жарыялап, анда өлкө башчысынын бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына тиешеси болушу мүмкүндүгү айтылган. Асылбек Салиев болсо бул макала кадыр-баркыма шек келтирди деп, сотко кайрылган. Июнь айында бул ишти Биринчи май райондук соту карап, гезитти бир миллион сом айыпка жыккан. Кийинчерээк шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган соң басылмага сот чечимин аткаруу талабы коюлуп, кийинчерээк сот чечимин аткарбады деген негизде кылмыш иши козголгон. Бабырбек Жээнбеков өзү буга чейин сот чечими жарым-жартылай аткарылганын, бир миллион сом айып пулду үч бөлүп төлөп берүүгө доогер тарап көнбөгөнүн, андыктан мындай кылмыш ишин козгоого эч кандай жоктугун айтып, муну саясий себептер менен байланыштырган болчу. “Алиби” гезити ошентип чыкпай калган соң өткөн айдын соңунан тарта анын ордуна “Ачык саясат” деген жаңы гезит чыга баштаган.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG