Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

ИРАНДЫК “БОБ ДИЛАН” КУРАНДЫ ЫРГА КОШУП СЫНГА КАБЫЛДЫ


Эдил Сапарбек, Прага Ирандын эң эле чуулгандуу жана таанымал музыка чебери Мохсен Намжу куран саптарын камтыган жаңы ыры үчүн жергиликтүү эскичил диниятчылардын каарына кабылды. “Нью Йорк Таймс” гезити ага “Ирандык Боб Дилан” деп ат койгон эле. “Ирандык Боб Диландын” агасы болсо бул ыр жалпы коомчулукка таркатуу максатында эмес, жөн гана жекече тажрыйба ирээтинде жазылганын айтат. Бирок буга карабастан айрым Куран боюнча адистер жана диниятчылар Исламдын ыйык китебине шек келтирди деп Намжуну катуу жазага тартууну талап кылышууда.

Бала чагынан куран аяттарын жатка айткан Намжу бул чыгармасында да куран аяттарын фарсы салттык музыкасына ширелтип ырдаган. Өз өлкөсүндө ал Батыштын блюз, жазз жана рок сыяктуу музыкалык агымдарын ирандык салттык чыгармалар менен жуурулуштуруп музыкалык чыгарма жазгандыгы жана жүрөккө жакын лирикалык ырлары үчүн эл оозуна алынган.

Коомчулуктун басымдуу бөлүгү Намжуну музыкалык агымдар ортосундагы чектерди жокко чыгарган гений, авангардчу өнөрпоз деп маашырлана сыпатташса, калгандары, асыресе, эски көз карашты кармангандары, аны акылынан айныган неме деген мүнөздөмө беришүүдө. Бирок кандай болбосун анын чыгармасын уккан адам кайдыгер калбайт.

Ал эми түйшүк жараткан соңку ыры интернет мейкиндигинде бир нече ай мурда пайда болгон. Бирок Намжунун башка чыгармаларындай бул ыр өзүнө күйөрмандарынын көңүлүн бурган жок жана хит болуп да чыга келген жок. Бирок айрым эскичил адамдардын ачуусун чындап келтирди көрүнөт.

Теги ирандык мусулман диниятчысы Аббас Мохажерани музыкалык чыгарма угуучуларды Алла-Тааланын сөздөрүнөн алагды кылат деген пикирин ортого салды.

-Куран окулуп жаткан учурда баары тынч отуруп угуш керек. Эгерде музыка ойноп жаткан болсо, анда ал угуучулардын назарын башка жакка буруп койот. -

Аббас Салими - Куран боюнча белгилүү адис. Ал Намжунун ырларына каршы алгачкылардан болуп өз нааразылыгын билдирген кишилерден болду. Ал Намжуну куран аяттарына акаарат кылды деп айыптап, аны жоопко тартуу өтүнүчү менен Тегерандын прокуроруна кайрылуу жолдогон.

Ошондой эле Намжуга каршы чыккандардын саны күн санап өсүп жатканы кабардалууда. Арыздангандардын арасында Тегерандагы Куран Коому жана Улуттук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын алдындагы Куран кеңеши деген мекемелер да бар.

Деген менен Мохсен Намжунун миңдеген күйөрмандары музыкантка айтылган дооматтар орунсуз экенин айтышууда.

-Жок, мен анын чыгармасынан кыңыр иш көрө албайм. Менимче бул жаман иш эмес. Анткени ал өзү да мусулман жана эмне иш жасап жатканын дурус аңдайт. Көп адамдар Куран окушат, ал эми Намжу болсо жөн гана окулуп жаткан Куранга музыка кошуп койгон. -

Ырчы жана композитор Намжунун адвокаты катары да алектенген агасы Намжунун чырга бута болгон ыры башында арабча музыка менен башка мусулман өлкөлөрдүн музыкалык салттарын жуурулуштуруп көрөлү деген гана саамалык, алгачкы тажрыйба болчу дейт. Бирок араб поэмаларынын текстин уйгө унутуп калгандыктан иниси Намжу жатка билген курандын айрым аяттарын музыкага аралаш окуй салган экен.

Мындай жоопко куран боюнча адис Салими жана башкалар эч ынанбастыгын билдирип, Намжу курулай актангандан көрө өз кемчилигин мойнуна алып, кудайдан кечирим сурашы керек деп айтты. Бул боюнча ирандык сот бийлиги үн ката элек.

Өз кезегинде Намжу мусулмандык өлкөнүн бардык мыйзамдарын сыйлай турганын билдирген болчу. Былтыр ал Европага сапарга чыккан маалында “Азаттыктын” Иран кызматына (Фарда үналгысына) өз өлкөсүнөн качпай турганын мындайча түшүндүргөн:

-Эгерде мен Ирандан кесиптик жактан жолум болбой же ишке уруксаты жок чыгып кетишим керек болсо, анда мен бир нече жыл мурда ушундай кадамга бараар элем. Анткени мында эч кандай жаңы деле өзгөрүү жок. Бирок мен ушуну айткым келет, мен Ирандагы учурдагы шартта иштегениме канааттанам. Кандай мүмкүнчүлүк болсо эле, аны колдоно калып жатам. Мен ушул өлкөдө жашап жаткан соң, анын мыйзамдарын урматтайм жана өзүмдү анархиячы же тополоңго түртө турган киши катары көрүүнү каалабайм. -

Кандай болсо да коомчулуктун басымдуу бөлүгү Намжуну козголоңчул, оюн тике айткан акын жана композитор катары көрүшөт. Алардын пикиринде акын өзүнүн жагымдуу лирикалары жана музыкасы аркылуу ирандык коомчулуктун көйгөйлөрүн чагылдырат.

“Нью Йорк Таймс” гезити Мохсен Намжуну “Ирандын Боб Диланы” деп сыпаттаган. Өзүн жөн гана музыкантмын деп эсептеген Намжу бул ат менен макул эмес.

- Мен “музыкант” деген сөздүн жанында сын атоочтун болушун каалабайт элем. Мен болгону бир музыкантмын, башка сөздүн кереги жок. -

Акыркы жылдарда мамлекеттик катуу цензуралык көзөмөлдүн айынан Ирандан бир катар жазуучу, музыкант жана башка өнөрпоздор жана интеллектуалдар бозгунга кетүүгө мажбур болгон.

Серепчилер өнөрпоздорго карата цензура жана эскичил идеологиялык кысым 2006-жылы Махмуд Ахмадинежаддын президенттикке келиши менен ого бетер күчөгөнүн белгилеп жатышат. Ахмадинежад исламдык баалулуктарды өркүндөтүүгө чакырып келет. Ошондой эле ал өкмөттүк үналгы жана сыналгыда Батыштын музыкасын жана жергиликтүү маанайы пас музыкалык чыгармаларды обого чыгарбоого буйрук берген.

Бирок ирандыктардын басымдуу бөлүгү үчүн президенттин бул айткандары бузук магнитофон сыңары кабыл алынды, анткени мындай ашынган эскичил тыйуу салуу аракеттери Иран Исламдык Жумурияты түптөлгөндөн бери 30 жыл бою байма бай кайталанып келет.

XS
SM
MD
LG