Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

8:17 Өкмөт башчы ЖК фракциялары менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулоону бүгүн да улантат


Премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн эртең менен “Ак жол” фракциясынын депутаттары менен жолугушмакчы. Фракция мүчөлөрү анда негизинен энергетикалык кырдаалга, азык-түлүк коопсуздугуна, кышка даярдыкка жана 24-августтагы авиакырсыктын себептерин иликтөөгө байланышка маселелерди козгошот. Өкмөт башчы ушул эле күнү түштөн кийин коммунисттер фракциясы менен да жолугушуусу белгиленген. Мындай жолугушуу кечээ СДП фракцииясы менен болуп, анын жыйынтыгында фракция өкмөт башчынын жоопторуна канааттанышпаганын, энергетика, азык-түлүк, социалдык маселелер боюнча тиешелүү министрликтер талапка ылайык иш алып бара албаганы тууралу билдирүү жарыялашкан.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG