Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Ирактагы АКШ аскерлеринин саны кыскарат


АКШнын президенти Жорж Буш келерки жылдын февралына чейин Ирактагы америкалык аскерлердин саны 8 миң жоокерге кыскарарын билдирди. Ошол эле учурда 4 миңдей аскер талибдер менен күрөшүүнү күчөтүү максатында Ооганстанга жайгаштырылмакчы. Ооганстанда ушул тапта 30 миң америкалык жоокер кызмат өтөйт. Эгерде Ирактагы коопсуздук жаатындагы кырдаал кийинки жылдын башында оңолсо, америкалык аскерлердин санын кошумча кыскартуу тууралуу чечим кабыл алынышы мүмкүн, - деди Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө президент Буш.

XS
SM
MD
LG