Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:40
“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити энергетика боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун Токтогул суу сактагычындагы суунун запасы электр энергиясын жайды жайлай өчүрүп үнөмдөөгө карабастан кыштан чыгууга жетишсиздигин, керектүү көлөмдөгү сууну ушундай жол менен бир айдын ичинде толтура коюу мүмкүн эместигин айтканын маалымдады.

Ушул эле маселени андан ары улаган гезит абал дагы эле оор бойдон калып жатканын, сууну үнөмдөө үчүн электр жарыгын өчүрүү графиги кагазга жазылып, калкка таратылганы менен анын эрежеси так сакталбай жатканын, энергетиктер убада кылган 6 сааттан көп жана ой-келди өчүрүлө баштаганын, телефон чалууларга райондук станцияларда олтургандар же жооп бербей, же аварияга шылтап тим болорун, ал ортодо батареялар, электргенераторлору, отун, көмүр кутургандай кымбаттаганын белгилеп, мамлекеттин экономикасынын мындай туруксуз абалы адамдарда кудуретсиздик, коркуу психологиясын пайда кыларын, атаганат ушундай абал Кыргызстандан башка өлкөлөрдүн биринде болсо, элден шайланып барган депутаттары калкына карн күн салган өкмөтүнүн өпкөсүн үзмөктүгүн, бирок кыргыз бийлиги абалды жок дегенде жөнөкөй түшүндүрүп, адамча кечирим сурап койгонго жарамак тургай, булардын баарын чымын чакканча да көргөн жок деп жазды.

Гезит андан ары саясатчылар санатын ичке катып жатса, саясат иликтөөчүлөр жаңы геоаймак-Борбордук Евроазия пайда болгону калганын жар салып кирди деп кеп таштап, саясый илим доктору, профессор Лариса Хоперскаянын “Кавказ окуялары Борбор Азияда кайталанышы мүмкүнбү?” деген макаласын жарыялады.

Ага улай тарых илиминин доктору, профессор Александр Князев Дүйшөмбү саммитине токтолуп, саммит бүткөндөн кийин эларалык маалымат каражаттарынын бири “ШКУ Орусияны колдоду” деп жазса, бири “колдогон жок” деп жазып чыгышканын, саммитке катышкан өлкөлөрдүн оюн ачык билдирбегенин түшүнсө болорун, анткени Кытайда-Тайвань менен Тибет, Тажикстанда- Самаркан менен Бухара, Өзбекстанда- Ош менен Өзгөн маселеси бар экендигин... Анкарада болгон бир сапарында ШКУга түрктөрдүн кызыкканын көрүп таң калганын, алтургай Түрк генералитети НАТОдон чыгып ШКУга кирүүгө кыялданарын айтарын, жакынкы 2-3 жыл ичинде КМШ азыркы форматын өзгөртүп, бирөөлөрү кетип, бирөөлөрү каларын, маселен Грузия кеткенин, Азербайжан менен Түркмөндөр калар-калбасын ойлонуп жатканын, Украинанын кандай болору белгисиздигин, кыскасы жакынкы арада баары өзгөрөрүн, бүгүн Бириккен Улуттар Уюму менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму “саясый өлүк” уюмдарга айланганын, ошондуктан мындан ары жаңы уюм зарылдыгын, маселен АКШ Тажикстан менен Кыргызстан биздин өнөктөшүбүз деп айтканды жакшы көрөрүн, бирок анысы демагогиядан ары ашпай тургандыгын, ал эми чын-чынына келгенде Борбордук Евразия мамлекеттери эч нерсени чече албастыгын, болгону дүйнөнүн ири державалары үчүн объект катары гана кызмат кыларын айтты.

Эксперт Леонид Бондарец мырзанын айтымында Кыргызстандын позициясынын так эместиги анын АКШ менен байланышында жатат, ошондуктан ШКУ менен ККУ алдында Кыргызстандын жоопкерчилиги тууралуу маселени карай турган мезгил жетти. Так ушул КМШга төрагалык кылган Кыргызстандын айынан Дүйшөмбү саммити Түндүк Каавказ окуяларына принципиалдуу баасын бере алган жок.

Дагы бир эксперт жана геосаясатчы Мурат Сүйүнбаевдин оюнча, Борбордук Евразия мамлекеттеринде биримдиктин жоктугун, маселен Өзбекстан интеграциялашууга жакын арада бара койбостугун, интеграция деген-товарлар менен капиталдын, элдин бир өлкөдөн экинчи бир өлкөгө ээн-элкин каттап туруусу дегенди түшүндүрөрүн, андыктан ырасмий Ташкен элин ээн-элкин кое бергенден кооптонорун, мындан тышкары Европага салыштырганда Борбордук Евразия өлкөлөрүндөгү экономикалык жыштык эки эсеге төмөндүгүн, бул чөлкөмдөгү ички дүң продукциянын көлөмүн жан башына эсептегенде да ХIХ кылымдагы Европанын деңгээлине араң жетерин, демек интеграцияга азырынча шарт жоктугун сөз кылды.

“Урматтуу Курманбек Салиевич, сиздин Германияда элчи болуп иштеген үкөңүз айтып атпайбы, “Кыргызстанда жакшы өзгөрүүлөр болуп атат... айрыкча өлкө жарандарынын жашоо деңгээли жакшырууда” деп “Немис толкуну” радиосуна берген интервьюсунда. Атаганат, интервьюну “Московский Комсомолецке” же ушул өңдүү өкмөттүк эмес гезиттердин бирине бергенде ошентип айтканга дити барат беле деп ойлойм? Бирок барат эле. Көрсө калпты чындай айтуу сиздердин үй бүлөгө мүнөздүү нерсе экен да” деп жазды “Московский Космолец Кыргызстан” гезитинин кабарчысы Елена Агеева “президентке кат” деген рубрика алдында жарык көргөн макаласында. Макала андан ары уланып, президенттин шаардыктар электрэнергиясы, жылуулук жана ысык суу менен кыш бою толук камсыз болт деп жакында айткандарын эске салып, “Урматтуу президент, сиз шаардыктар жөнүндө гана айттыңыз, ал эми элетте жашагандар эл эмеспи?

Сиздин куру убадалар менен циркачтардай көз боочулук кыларыңызды, кийин ал убада аткарылбай калса, “билбей калыпмын” деп чыга берериңизди, андан да мыкты варианты так ошол убадаңыздын аткарылышын күткөндөрдү, тоюс элди жазаларыңызды жакшы билген соң, баарын коюп кышка карата тезек камдап алгандан өтөрү жок эмеспи деп ойлодум. Биз бүгүн тезек жакканга өтүп жатсак, мындан эки кылым мурда Франция жылкынын тезегинен кагаз чыгара баштаган, ушундай эле кагазды Африкада пилдин тезегинен жасайт, Скандинавияда жана башка жерлерде тезекти жер семирткич катары колдонушат. Баса, сиз кышында кайсыл айбандын тезегин жакканды жакшы көрөсүз?

Же башка суроо берейинчи. Сиз өз иишине жараксыздыгы үчүн кайсы бир министриңизди кызматтан ала аласызбы? Мен эки-үч жылдан бери көп катын алдыртчу мыйзамды өткөртө албай келаткан Марат Кайыповду сунуш кылар элем. Албетте, кызматтан алгыңыз келсе заматта ала аласыз, анткени ал сиздин кызматчыңыз. Бирок ала албайсыз, анткени ал сизге ыңгайлуу кызматчы. Ал эми мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы эл болуп саналат деп Конституцияга жазылган менен бир дагы жалкоо, бир дагы шалаакы, бир дагы мурдун балта кеспей калган, алтургай калкын карайлатып, бүгүнкүдөй тезек тердирген абалга алып келген кызматкерди да эл дегениңиз кызматынан ала албайт” деп аяктайт “Биздин биримдигибиз тезекте” деген макала.

Ушул эле гезит Эл аралык Кызыл Чырым жана Кызыл жарым Ай комитети Кыргызстандын Юстиция министрлиги жана башка мамлекеттик органдар менен түрмөлөрдөгү кургак учук оорусуна каршы биргелешеип күрөшүү ишинде кызматташуусун токтотпой тургандыгын жар салганын белгилеп, аталган комитет кесилгендердин дарылануусуна, дары-дармектер менен камсыз болуусуна, колониядагы санитардык-гигиеналык шарттардын жакшырышына канча жылдардан бери карай көзөмолдүк кылып келатканын, түрмөлөрдө реформа жүрүп жатат деп Минюстун башчысы Марат Кайыпов айтканын, анын билдирүүсү боюнча акыркы үч жылда түрмөлөрдүн саны 6,5 миң адамга кыскарганын, быйыл түрмөдөгү ар бир адамга 35 сомдон бөлүнөрүн маалымдады деп кабарлады.
XS
SM
MD
LG