Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

АКШ ИРАКТАГЫ АСКЕРЛЕРИНИН САНЫН АЗАЙТАТ


Амирбек Усманов, Прага Келерки жылдын февралына чейин Ирактан америкалык 8 миң аскер чыгарылып кетет. Бул жөнүндө АКШ президенти шейшемби күнү маалымдады. Аскерлерди кыскартууга өткөн жылдын башында Иракка кошумча дагы 30 миңдей кол жиберүү жана өлкөдөгү коопсуздук жагдайынын жакшыруусу өбөлгө болгондугун Жорж Буш айтты. Азыр Иракта АКШнын 146миң аскери бар.

Президент Буштун сөзүнчө, Ирактагы куралдуу калабалардын азайуусу-АКШ башындагы коалициялык күчтөр менен сунни согушчандарынын зомбулугунан тажаган элдин өз ара кызматташуусунун үзүрү болду. Сунни согушчандары Иракта ал-каидачылар катары белгилүү.

Жорж Буш Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетиндеги сөзүндө сунни аксакалдары менен Ирак армиясы жана АКШ күчтөрүнүн кызматташпаса бир жылдары ирактык «ал-Каиданын» жабыт жайы болгон Анбар провинциясында тынчтык орнотулмак эмес деди:

-Анбар провинциясы өзгөрдү. Провинциядагы чабуулдар 90 проценттен жогору азайды. Анбардын ар бир шаар-кыштактагында өз мэри жана иштиктүү муниципалдык кеңеши бар. Провинция боюнча кайра куруу иштери жүрүүдө. Анбарда «ал-Каиданы» ирактыктар өздөрү биротоло жок кылышты.

АКШ аскерлери көмөктөшкөн Ирактык күчтөр өлкө түштүгүндөгү Басра, түндүктөгү Мосул шаарларында, Багдаддын түндүк батышындагы Дияла провинциясында козголоңчуларга оңолгус сокку уруп, натыйжада зордук-зомбулуктар кескин азайгандыгын кошумчалады Буш:

-Калабалуу окуялар 2004-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Карапайым элди өлтүрүү, жатташып өлтүрүү, жанкечтилердин бомба жардыруусу азайды. Жамааттар бейкут жашай баштады. Биздин дипломаттар бир кезде террорчулардын чабуулунан жабылган базарлар иштеп калганын билдиришти.

Бул ийгиликтер өкмөттүн бюджетти кабыл алуусуна жана провинциялардагы элдешүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берген.

Быйыл апрель айында Ирактагы коалициялык күчтөрдүн командачысы, генерал Дэвид Петреус АКШ Конгрессинде сүйлөп, Иракка 30 миң кошумча аскер киргизилген соң куралдуу зордук-зомбулуктар кескин азайганын айтып, бирок аскерлерди чыгарып кетүүгө шашпоону сураган эле.

Буш шейшемби күнү ирактык күчтөр күн сайын кубатына толуп баратканына, өлкөдө азыр 41 өз армиясы, анын ичинде Азербайжан жана Украинанын аскерлери бар экенине да көңүл бурду.

Вашингтон Ирактан аскерлерин чыгарууга катар Ооганстанга кошумча аскер жибермекчи. Буштун айтышынча, Ооган жериндеги НАТОнун аскерлери алдында Ирактагыдай эле милдет турат. Бул-талип козголоңчуларына жана «ал-Каидага» каршы согушуу, ошондой эле өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоону акырындап Ооган армиясына өткөрүп берүү.
XS
SM
MD
LG