Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

16:15 “Акыйкат үчүн” кыймылы коомчулукка кайрылды


Кайрылууда “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун камакка алынышы –сөз эркиндигине жасалган кысым катары бааланды. Мындан тышкары Бабырбек Жээнбековдун камалышы –Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө, “Ата мекен” партиясына басым жасоо үчүн берилген саясий буйрук, деген чечим кабыл алынды. “Акыйкат үчүн” кыймылы өз кайрылуусунда Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги ооздукталып, жалпы эле демократиянын жоболору бузулуп жаткандыгын белгилеп, жалпы коомчулукту буга жол бербөөгө чакырган.
Ушундай эле кайрылууну бүгүн “Ата Мекен” партиясы, Медиа өкүлчүлүгү институту жана “Журналисттер” коому мамлекет башчыга жана кыргыз элине жолдошту.(ZKo)

XS
SM
MD
LG