Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

17:15 Марат Кайыпов менен Эрнст Исаев кызматынан алынышты


Министрдин кызматтан алынуусуна байланыштуу жарлыкка мамлекет башчы Курманбек Бакиев бүгүн кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев “Азаттыкка” билдирди. Ошондой эле өкмөт башчы Игорь Чудинов жаза өтөөчү жайлар башкармалыгынын жетекчиси Эрнст Исаевди кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка бүгүн кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Үстүбүздөгү жылы 14-августта №16 абакта болгон баш-аламандыктын натыйжасында эки түрмө кызматкери жана эки жазалануучу каза болушкан. Бул окуя адилет министри менен жаза өтөөчү жайлар башкармалыгынын жетекчисинин ортосундагы пикир келишпестик ажырымын ого бетер тереңдешине алып келгени айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG