Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:50

ИРИ АДРОН КОЛЛАЙДЕРИ ИШТЕЙ БАШТАДЫ


Европанын өзөктүк изилдөөлөр боюнча уюмунун Швейцарияда жайгашкан изилдөө борборунда дүйнөдө буга чейин болуп көрбөгөн илимий тажрыйба башталды. Окумуштуулар бөлүкчөлөрдү тездетүүчү эң ири жабдууну – адрон коллайдерин ишке киргизди. Бул жаңы илимий тажрыйба ааламдын жаралышын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет деген үмүт бар.

Ири адрон коллайдерин (LHC- Large Hadron Collider) куруу үчүн кеминде 5 миллиард доллардай каражат сарпталды, жыйырма жылдай убакыт кетти. Аны сыноо тажрыйбасын Европанын өзөктүк изилдөө боюнча уюмунун (CERN) окумуштуулары 10- сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 1:30 башташты.

Сыноо аянтчасы катары Альпы тоолорунун Франция менен Швейцариянын чегиндеги бөлүгү алынган. Башкача айтканда ири адрон коллайдеринин жабдуулары мына ушул жерде жайгаштырылган. Жер алдындагы тегерек туннелдин узундугу 27 чакырымга жетет.

10-сентябрда бир нече ирээт сыноодон кийин ошол коллайдердин айланма туннели аркылуу протондордун биринчи топтому жүгүртүлүп, сыноо ийгиликтүү өттү.

Сыноонун башталышын, кабарларга караганда дүйнө боюнча 9 миңдей физик – окумуштуулар күтүп жатты.

Ири адрон коллайдери жайгашкан илимий жайдагы окумуштуулардын бири Верена Кейн (Verena Kain) мындай дейт:

-Биз азыр биринчи топтомду гана киргиздик. Биз аны чындап айланткан жокпуз. Бирок тегеректен ичинен бир же эки жолу жүгүртүлдү. Бул - таң каларлык көрүнүш. Мен ишене албай турам. Бул чындап эле жакшы кетүүдө.

Илимий эксперименттин планы боюнча протондордун агымы кийинчерээк карама –каршы багытта да жүгүртүлөт. Ошол эле учурда бөлүкчөлөр жарыктын ылдамдыгына жакын ылдамдыкта келип, бири –бири менен кагылышуусу керек. Кайра эле иликтөөчү Верена Кейнди угуп көрөлү:

-Приоритет эки топтомду тең жүгүртүүдө турат. Протондор топтомунун экөөсүн тең айлантканда, биз "кармоо " деп атаган баскычка жетебиз жана ишибиздин чыныгы бөлүгү башталат. Биз баарын күүгө туура келтиришибиз керек. Биз ошондо чындап кооз орбитаны- тегеректин бүткүл айланасынан протондордун абалын алабыз. Ушундан соң физиканын ыкмасына кирүүнү ойлоно баштоого болот. Мен азыр көп нерсени божомолдой албайм. Баары бул машина өзүн кандай алып жүрөрүнө көз каранды.

Эгер баары пландагыдай кетип, протондор катуу ылдамдыкта кагылышса, окумуштуулар бул илимий тажрыйба учурунда ааламда Улуу жарылуудан кийин дароо түзүлгөндөй шарттын лабороториялык үлгүсүн жаратуу мүмкүн деп үмүттөнүүдө. Улуу жарылуу теорияда ааламды жараткан деп эсептелинип жүрөт.

Айтылуу Альберт Эйнштейндин 20-кылымдын башында пайда болгон салыштырмалуулук теориясы ааламды макро деңгээлде, ошол кезде чыккан талаанын квант теориясы ааламды микродеңгээлде сүрөттөчү. Бирок маселе бул эки теориянын бири – экинчисине каршы келгенинде эле.

Ал эми азыркы тажрыйба аркылуу окумуштуулар кезинде Альберт Эйнштейн эңсеген кыялды – ааламдын бирдиктүү теориясын алга жылдырууга болот деп да үмүттөнүшүүдө.

Илимий тажрыйбаны ишке ашыруууга тартылып жаткан окумуштуулардын бири – Нотр - Дам университетинин профессору Рэнди Рачтай (Randy Ruchti) мындай дейт:

-Жалпы теория бизге аалам жаралганынын алгачкы жылдарындагы фундаменталдык карым-катнашты аныктоого жардам бериши керек. Ал ошондой эле бизге бөлүкчөлөр дүйнөдө кантип бирге аракеттенерин түшүнүүгө жардам бериши абзел.

Ири адрон коллайдери – Европанын 20 мамлекет мүчө болгон Өзөктүк изилдөөлөр боюнча уюмунун долбоору. Ага башка 80ден ашуун өлкөнүн окумуштуулары да тартылды. Байкоочу өлкө катары эсептелген Кошмо Штаттардан долбоорго 1200дөй окумушту катышып, АКШ каржы жагынан 531 миллион доллар салым кошкон. Байкоочу өлкөлөрдөн көбүрөөк каржы кошкондордун алдыңкы сабында Жапония да турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG