Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

ШАЙЛОО ШАМАЛЫ БАШТАЛДЫ


Алты жарандык уюмдун башын кошкон “Шайлоочулардын укугу үчүн жарандык уюмдар бирикмеси” 16-сентябрдан баштап республика аймагы боюнча алдыда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата билим берүү жана маалымат жараянын баштайт. Бирикменин билдиргенине караганда, аталган иш чаранын негизги максаты жаңы шайлоо кодексин жана шайлоону мыйзамдын чегинде өткөрүү боюнча элге түшүндүрүү болуп саналат. “Эркиндик” партиясынын мурдагы лидери Топчубек Тургуналиев болсо жергиликтүү кеңештерге шайлоо бурмаланып өтөөрүн, ага карата жарандык уюмдардын пикирлерине Борбордук шайлоо комиссиясы маани бербестигин билдирди.

«Жарандар демократия үчүн» коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова 5-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого жергиликтүү шайлоочулар активдүү катышып, шайлоо ачык өтөт деген ишенимде:

- Алдыда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоо кызыктуу дагы, ачык дагы өтөт. Анткени жер-жерлердеги адамдар активдүү катышат. Шайлоо акыйкат өтөбү бул башка маселе. Аны жыйынтыгында көрөбүз.

Динара Ошуракунова ал жетектеген уюмга жер жерлерден телефон чалышып, шайлоого талапкерлигин койгон айрым адамдарга жергиликтүү бийлик тарабынан кысым болгону тууралуу кабарланганын кошумчалады:

- Жер-жерлерде депутаттыкка өтөм деген адамдар атайын «Ак жол» партиясынын катарына кирип жатат. Анткени эл арасында «Ак жол» партиясына кирсе депутаттыкка жеңилирээк өтөт экен деген пикирлер бар экен.

Ошуракунова жергиликтүү кеңештерге шайлоону мыйзамдын чегинде өткөрүү максатында алты бейөкмөт уюму «Шайлоочулардын укугу үчүн жарандык уюмдар бирикмесин” түзгөндүгүн, "Менин тандоомдун мезгили" деген ураан менен аталган бирикме мүчөлөрү алыскы айыл жерлеринде шайлоочуларды окутуп, так маалымат беришип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөөрүн кошумчалады.

Ал эми “Эркиндик” партиясынын мурдагы лидери Топчубек Тургуналиев жергиликтүү кеңештерге шайлоо бурмаланып, бийликке ыктаган партиянын өкүлдөрүнө жергиликтүү администрация, БШК тарабынан баары бир колдоолор көрсөтүлөт деген пикирде:

- Бул Кыргызстанда адилеттүү шайлоо болот деп оозу-мурду кыйшайбай эч ким айта албайт. Айтса Бакиевдер гана айтат. Өткөн жылы «16-декабрда эң бир адилеттүү шайлоо болду, демократиянын бардык жоболору сакталды», деп расмий түрдө экөө кыйкырып чыккан. Алар Курманбек Бакиев менен Адахан Мадумаров болгон.Бул бийлик турганда, мындай шылуундар турганда эч качан адилеттүү шайлоо болбойт.

Тургуналиев Борбордук шайлоо комиссиясы Ак үйдүн тапшырмасын гана аткаруу менен чектелип, жарандык уюмдардын пикирине маани бербестигин кошумчалады:

- Бейөкмөт уюмдар шайлоодон кийин чындыкты айтып чырылдай беришет. Ал эми БШК, Ак үйдөгүлөр бардыгы калп, жалгандын сормо сазына белинен батып калгандар «мыкты өттү» деп айта беришет. Шайлоону укмуш өткөрдүк, адилеттүү болду деп президент өзү баш болуп кыйкыра берет.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов болсо Тургуналиевдин мындай пикири менен макул эмес. Анын айтымында, талапкерлерди каттодо өткөн жүздөн ашуун саясий партиянын ичинен төрт эле саясий партия өзүлөрүнүн өкүлдөрүн аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө көрсөтүшкөн. «Саясий партиялар жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн жок», - дейт Бегматов:

- Эгерде саясий партиялардын өздөрүнүн өкүлдөрү шайлоо комиссияларына мүчө болсо, шайлоонун жүрүшүнө жеринде күбө болот эле. Шайлоодо бурмалоо болбостугуна ынанат эле. Анан кийин өздөрү катышпай туруп, «корккон биринчи муштайт» дегендей, мындай болуп кетет, андай болуп кетет деп алдын ала көзү ачыктык кылган туура эмес.

Бегматов белгилегендей, БШК мыйзамдын чегинде иш алып барып, жергиликтүү кеңештерге шайлоону ачык, таза өткөрүү үчүн бардык аракеттерин жумшайт.

Бир катар талдоочулар өткөн жылы парламенттик шайлоодо БШК мыйзамды көз көрүнөө бузуп, Ак үйдүн айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарганын белгилешүүдө. Динара Ошуракунова болсо БШК ал шайлоонун жыйынтыгын коомчулукка жарыялабагандыгы үчүн сотко кайрылышканын, буга Жогорку сот кандай чечим чыгарарын күтүп жатышканын билдирди.

“Шайлоочулардын укугу үчүн жарандык уюмдар бирикмеси” 5-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жалпысынан 420 шайлоо участкаларында байкоо жүргүзүүнү болжошууда. Алар 16-сентябрда төрт чакан автобус менен республиканын аймактарын кыдырып кетишмекчи.

XS
SM
MD
LG