Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Эдил Сапарбек уулу, Прага Өткөн жылдарга салыштырмалуу АКШда быйыл 11-сентябрдагы каргашалуу террордук чабуулдун жылдыгын белгилөөдө атайын чоң программа деле болбойт. Ал эми президент Жорж Буш болсо Ак Үйдө бир мүнөттүк тынч эскерүүдөн кийин, Пентагондо жети жыл илгери каза болгондорго эстелик орнотуу аземине катышат. Бирок бул 2001-жылы үч миңге жакын курман болгондорду унутта калтыруу дегенди түшүндүрбөйт. Ал эми ноябрдын башында президенттик шайлоодо ат салыша турган негизги талапкерлер болсо 11-сентябрдагы террордун курмандыктарын эскерген жөрөлгөлөргө өз алдынча катышмакчы.

АКШ президенти Жорж Буш жети жыл мурда 11-сентябрда террордук чабуулдун айынан курман болгондорду эскерүү жөрөлгөлөрүнө катыша турган жападан-жалгыз саясий лидер болбойт. Буштун ордуна президенттик кызматка келүү үчүн күрөшүп жаткан эки саясатчы да эскерүү чараларына катышмакчы.

Учурдагы президент да өкүлү болгон Республикачылдар партиясынын мүчөсү, Аризона штатынын сенатору Жон Маккейн жана оппозициядагы Демократиялык партиянын мүчөсү, Иллинойс штатынын сенатору Барак Обама да Нью-Йорк шаарында өткөрүлчү эскерүү жөрөлгөсүнө (Service Nation Summit) катышмакчы.

11-сентябрдагы каргашалуу окуя Американын дүйнөлүк саясий аренадагы өз орду тууралуу көз карашына терең таасир тийгизди. Айрым саясатчылар АКШнын тышкы саясаты кайсы нукта болоорун кайра карап чыгууга далалат кылса, калгандары акыркы 50 жылдан бери калыптанып келген экономикалык жана саясий принциптердин турумун өзгөртпөөгө чакырышты.

Саясат таануучу, профессор Роберт Спитцер да, Демократия институтунун жетекчиси Патрик Башам да “Азаттык” үналгысына курган маегинде жети жыл мурда болгон бул кайгылуу окуялар президент Буш башкарган доордун айырмалуу бир белгиси болду деп айтуу туура болоорун айтышты.

Спитцер мырза Жорж Буш талаш тартыш жараткан президенттик шайлоодогу шайлоочулардын добушун саноо жараянына ылайык эмес, АКШнын Жогорку сотунун чечими менен гана президенттикке келгенин эскерет. Бушка ишеним көрсөтүү тууралуу сурамжылоолордо анын жалпы рейтинги абдан төмөн болгон. Спитцердин айтымында, Жорж Буштун бедели 11-сентябрдагы окуялардан кийин дээрлик жогорулай түштү. Себеби террордук чабуулга жооп берүү учурунда президент Буш өзүн чечкиндүү саясатчы катары көрсөтө алды, дейт Спитцер.

Эми Жорж Уокер Буш президенттигин өткөрүп бергенден кийин анын ордуна келээрки январда Жон Маккейн же Барак Обама келсе, Американын 11-сентябрдан кийинки тышкы саясаты улантылабы же жокпу? Жаңы президентик бийликтин саясатын аныктоодо 11-сентябр окуялары дагы эле изин калтыра бериши күтүлөбү?

Бул суроого сясат тануучу Роберт Спитцердин пикири төмөнкүдөй болду:

-Деген менен бул маселе да кийинки президентчиликтин өзөккү суроолорунан болуп кала берет. Маселен дагы бир жаңы террордук чабуул жасалды дейли, анда бул чабуул да ошол жаңы президенттин саясатына өтө таасир тийгизген окуя болот. Эгерде мындай чабуул жасалбаган чакта да, баары бир террорчулукка каршы дүйнөлүк деңгээлдеги согуш улантыла бермекчи.
Ооганстандагы кырдаал күндөн күнгө тынчсыздантып келет. Обама да, Маккейн да америкалык аскерлерди, жана, балким, башка өлкөлөрдүн аскерлерин да, Ооганстанга көбүрөөк жиберүү керек деп санай тургандыгына ишаара кылып келишти. -


Демократия институтунун жетекчиси Патрик Башам болсо айрыкча сенатор Маккейн Буштун саясатын ырааттуу улантат жана Маккейндин саясаты да террорчулукка каршы согуш менен аныкталат ко деген түкшүмөлүн айтат.

- Мен “ушуга көбүрөөк жакын” деп айткым келет, анткени сенатор Маккейн стратегиясын олутуу деле өзгөртүүгө барбайт, анын саясаты Буштун терроризмге каршы, Ирак жана Ооганстан боюнча жүргүзгөн саясатына эле окшош болот. Балким, президент Буштун саясатынан айырмаланып, Маккейн оппозицияны жоошутуп-тынчтандыра турган айрым тактикалык айла-амалдарды да жүзөгө ашырышы ыктымал. -

Бирок, 11-сентябрдагы окуялар АКШнын кийинки президентинин тышкы саясатын аныктаган фактор болобу же жокпу, кандай гана болбосун, бир нерсе азыр эле белгилүү, дешет Спитцер менен Башам: бул - каргашалуу 11-сентябрь күнү болочокку ондогон жылдар бою америкалыктардын жүрөгүндө кала берчү окуя болмокчу.
XS
SM
MD
LG