Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Россиянын Кавказдагы позициясын жана анын Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныган чечимин Кытай ачык колдобой турганын Шанхай уюмунун саммити башталар алдында эле Батыштагы бир катар байкоочулар озунуп айтышкан эле. Ал эми Россиядагы жана Борборазиядагы айрым эксперттер Пекиндин бейтарап позициясын “стратегиялык кыйдылык” дегендей кыязда баалашты.

Лондондо жайгашкан Жейн маалымат тобунун редактору Мэтью Клементс “шанхайчылардын” саммити башталар алдында эле Кытай Кавказ чатагына байланыштуу бейтарап позицияда каларын айткан болчу. Лондондук эксперт, атап айтканда, Кытайдын өзүндө, өзгөчө Шинжан менен Тибетке байланыштуу проблемалары бар экенин эске салып, ошондон улам түштүк осетин жана абхаз сепаратизми Пекинге өтө кычыктуу маселе болорун эскерткен.

Айткандай эле, саммит маалында Кытайдын позициясы үстөмдүк кылып,ага Россиядан тышкары уюмдун калган төрт мүчөсү – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кошулду. Баяндамачылардын көбү мындан Пекиндин дипломатиялык жеңишин көрүштү. Ал эми ошол эле Жейн маалымат тобу өзүнүн ушул жумадагы комментариясында Россиянын “шанхайчылардан” ачык-айкын колдоо алалбаганын уюмдун ичиндеги “жараканын” натыйжасы катары баалады.

Кытайлыктар менен орустардын Орто Азиядагы кызматташтыгы соңку кездерде атаандаштыкка айланып баратканы да көз жаздымда калбады. Ушундан улам кокус жакынкы келечекте бир тараптуу кызыкчылыктардын кагылышы тутанса, Шанхай уюму, айрым эксперттер эңсегендей, Азиянын НАТОсуна же ОБСЕсине айланбай эле, Варшава келишиминдей таркап тынышы ыктымал деген кыяздагы апаздар айтылууда.

Кытайдын Кавказдагы азыркы чатактагы бейтараптыгын борборазиялык кай бир байкоочулар эки факторго алып барып такашты. Бир жагынан Пекин орустардын жана ортоазиялыктардын энергетикалык байлыктарына, экинчи жактан Батыштын финансылык инвестициясына кызыкдар. Ошол себептен ал өз позициясын камырдан кыл сууругандай кылып абдан кылдат сомолоп айтканга аргасыз дешет.Кээ бирөөлөр муну атүгүл Кытайдын “стратегиялык кыйдылыгы” деп да аташты.

Asia Times гезити да бул маселеге көлөмдүү макала арнады. Анда Кытай соңку отуз жылдан бери бардык чатактарда “сүйлөшүүлөр жана мунаса” тарыйкасына өтүп, ушул ыкманы бекем кармаганга умтулуп келатканы белгиленет. Мындан тышкары Кытай Россия сыяктанып өзүн европалык өлкө эсептебейт. Президент Медведев быйыл апрелде эле Берлиндеги жыйында сөз сүйлөп, Ванкуверден тартып Владивостокко чейинки аймакта евроатлантикалык коом түзүү программасын сунуш кылган эле. Бул улуу кыял эми келерки кылымга калат окшойт. Кытайдын болсо Батыш менен “бир улут же бир жамаат” болуу кыялы жок, буга караганда ал ким бирөөгө арачы болгуча өз бөгүн бөктөп алууну жөн көргөн көөнө саясий философиясын ийги санайт.

Asia Times акыркы үч жүз жылдан бери Батыш “бир өлкөнү кылымдын проблемасы” кылган адаттан арылбай келатканын эске салат. XIX кылымда – Франция, XX жүз жылдыкта - Германия ушундай озуйпаны аткарышты. Эми Россияны XXI кылымдын “проблемасына” айланткандан кайра тартпаган күчтөр бар экенин көрсөтүп, Asia Times Кытай колдон келсе Батыш дүйнөсүнө кирбеген башка өлкөлөр менен бирге мунун баарынан оолак болушу керек деп белгилейт.
XS
SM
MD
LG