Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

11:05 “Ачык саясат” гезити да камакка алынуу коркунучу бар


Бул тууралуу басылманын баш редакторунун милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда гезиттин кийинки сандарын жарыкка чыгарбоо максатында бийлик ар кандай чаралар колдонулушу ыктымал. “Гезитибиздин эртеңки санында башкы редакторубуз Бабырбек Жээнбековдун камакка алынышына байланыштуу макалалар, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын билдирүүлөрү жана жалпы эле өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал тууралуу баяндамалар жарыяланат,” дейт Рыскелди Момбеков.
“Алиби” гезитинин мүлкү Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алынган соң, гезиттин жамааты мурда каттоодон өткөн “Ачык саясат” басылмасын чыгара башташкан. Гезиттин алгачкы саны үстүбүздөгү жылдын 30-августунда жарык көргөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG