Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

13:30 Боинг-737 учагында каза болгондордун өздүгү Тегеранда аныкталды


Так аныкталган маалымат боюнча 24-августта кыйроого учураган учакта 90 киши болгон. Анын ичинен 26 адам тирүү калып, калган 64 каза тапкан. Тирүү калгандардын 8и Кыргызстандын жараны, 11и Ирандыктар, экипаждын 6 мүчөсү жана “Асман-эйр” компаниясынын кызматкери болгон. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Денелери өрттөнүп, таанууга мүмкүн эмес болуп калган сөөктөрдү генетикалык жактан Тегеранда аныктап келген адис, Улуттук вирусологиялык лабараториянын жетекчиси Калия Касымбекованын ошол эле маалымат жыйынында билдиргени боюнча генетикалык иликтөөнүн тактыгына толук ишенүүгө негиз бар. Анын айтуусунда иликтөө иштери Ирандын аскердик типтеги, жабык лабараториясында жүргүзүлгөн. Иликтөөгө кеткен каражаттардын баарын Иран тарап өзүнө алган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG