Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

14:15 Өзбекстан Нарын суусун улуттар аралык макамына ээ кылуу талабын коюууда


Мындай талап кечээ Алматыда кыштан чыгуу үчүн өз ара кызматташуу боюнча жүргүзүлгөн үч тараптуу сүйлөшүүлөр учурунда Өзбекстандын өкүлдөрү тарабынан коюлган. Муну КР өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков да тастыктады. Анын "Азаттыкка" билдиргени боюнча кечээки сүйлөшүүлөрдө өзбек тарап Нарын дарыясына улуттар аралык макамын берүү талабын коюшуп, натыйжада сүйлөшүүлөр аягына чыкпай калган. Бул маселе тышкы иштер министрлиги тарабынан чечилүүгө тийиштигин белгилеген министр Алматы сүйлөшүүлөрү бир жумадан кийин уланарын кабарлады.
Энергетика адистери Нарын суусун улуттар аралык макамына ээ кылуу Кыргызстанга экономикалык жактан пайда алып келбей тургандыгын, тескерисинче зыянын гана тийгизерин, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичиндеги жалгыз артыкчылыгынан ажырап каларын белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG