Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

Муса Мураталиев, Москва Кошмо Штаттарында чыгуучу The New Үork Times гезити Кремлдин Грузиянын жикчил аймактарын Абхазия менен Түштүк Осетияны эгемен деп таануусу Орусиянын ички маселесине таасири тийиши мүмкүн деп билдирди. Эллен Барри жазган макалада Кремлдин азыркы кадамы өлкөнүн ичиндеги жикчилдер кыймылын жандандырат деген ой айтылат.

Макала Түштүк Осетия менен Татарстандын экономикалык абалын салыштыруудан башталат. Бул эки субъекти бири-бирине окшоштурган көрүнүш - СССР кыйрагандан тарта жикчилдер кыймылынын өнүгүүсу экендиги айтылат.

Медведев грузиялык эки жикчил аймактарды эгемен деп таанып аткан күндөрү «Бүткүл татар коомдук борбору» деп аталган улутчулдардын уюму кайрылуу жарыялап, анда «Орусиянын жаңы тарыхында биринчи жолу өз атуулдарынын мамлекеттик көз карадысыздыгын таануу болду», - деген баа берет. Ага улай «кезмет эми Татарстандыкы!» деген чакырык таштайт.

«Москва Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча кабыл алган чечиминен соң Орусия бизди (Татарстанды –авт.) эгемен өлкө деп тааныбашка моралдык жактан акысы жок» - дейт, маселен, «Звезда Поволжья» гезитинин баш редактору Рашит Ахметов.

Батыштагы кыйышпас өнөктөрү менен Орусиянын алакасынын бузулушу жагдайды ого бетер курчутканы айтылат. Батыш мамлекеттери кыйла жылдан бери тыатыктап келген мамлекеттин жеринин бир бүтүндүгү көздүн карегиндей сакталышы керек деген кебинен четтешип, Орсиянын аймагында жашап аткан башка улуттардын да автономия түзүүгө же эгемендүүлүгүн талап кылуусу үчүн шарт түзүлүшү мүмкүн экенин белгилешет.

International Crisis Group уюмунун Кавказды изилдөө тобунун жетекчиси Лоренс Скотт Шитс “Азыркы учурда бул тилек, кур кыял сыяктанганы менен 20 жыл өткөндөн кийин ал куру кыял болбой калат», - дейт.

1990-жылдары президент Борис Ельцин аймактык лидерлерге «эгемендүүлүктү канча көтөрө алсаңар ошончо алгыла» - деп чакырык таштаганда аймактарда өзүн өзү башкаруу кыймылы пайда болуп элди жикчилдиктен сактаган. Маселен, Татарстанда нефти өндүрүү өнөр жайынан тышкары жүк ташуучу автоунаа жана учак чыгаруучу заводдор бар. Башкортстан жеринде да көгүлтүр отун чыкчу ири булактар бар.

СССР кулагандын алгачкы жылдары бүтүндөй Түндүк Кавказ боюнча азаттыкка чыгуу үчүн күрөштү ачыктан ачык жүргүзгөн жалгыз Чеченстан болду. 1994-жылы Орусия болсо ал аймакка өзүнүн аскерлерин киргизди. Эки жылга созулган согушта миңдеген кишилердин өмүрү кыйылды. Түндүк Кавказда каатчылык өкүмү баш көтөргөндө, 1999-жылы Путин экинчи согушту жарыялап, анан акыры чечендик жикчилдер кыймылын баскандай болду.

Баса, 2006-жылы Би-Би-Си үналгысына Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев эгемендүүлүк туурасында мындай деген:

«Бул жөнөкөй иш эмес. Кимдир бирөөлөр эгемендүүлүк тууралуу айтышат. Бүгүнкү экономикабызды чегире келсек. Мисалы, улуттук коопсуздук комитети, армия күтүү талап кылынат дагы башка мамлекеттик тоомду билдирүүчү түзүлүштөр керек болот. Кеп анда эмес, биздин эл жүдөбөй-какабай жашап атат. Биз азыр кайсы жолдо турсак ошол жолдогу бардык мүмкүчүлүктөрдү колдон келишинче жетишерлик колдонуп калуубуз керек деп ойлойм.»

Серепчи Сергей Карагановдун айтышынча, «Чеченстанда Орусия жалгыз эле чечен көтөрүлүшчүлөрү менен эмес бүтүндөй өлкөнүн жикчилдер кыймылы менен согушту».

Мындай маанай Орусиянын ар кошкон элинин тарыхын, тагдырын жаратат. Маселен, татарлар 1552-жылы Иван Грозныйдын Казан кандыгын алып, ал элди Ыйык Орус өлкөсүнө кошушу ушул убакка чейин татарлар арасында белгиленет. Ошондуктанбы, Ельцин аймактарга эгемендүүлүк тартуулаганда Татарстан биринчи болуп өз жеринде салык салуу мыйзамын иштеп чыккан. Казан калаасында тургундардын жалпы санынын элүү пайызна чукулун түзгөн татарлар дароо өз эне тилиндеги мектептерди ачышкан. Ал эми Татарстандын парламенти мындан ары аскерге чакырылган жергиликтүү уландар Волга боюнан ары жакта болчу согуштук аракеттерге катышууга укугу жок деген токтом кабыл алган.

Медведев Түштүк Осетия менен Абхазияны эгемен деп расмий тааныган кагазга кол койгондо Башкортстандын карамай жана химиялык борборундагы эмгектенген башкырлар дагы татарлардыкындай кыймыл баштаган. Маселен, «Көк Бөрү» деген аталыштагы чакан уюм манифест басып чыгарып таркаткан. Ал жерде Москванын «эки жүздүү» саясатын сынга алып «Абхаз жана осетин сыяктуу элдерди колдоп бирок башкыр элинин саясий уюмдар платформасын тоотпогондугу үчүн» орусиялык бийликке каяша айткан.

Кыймылды негиздөөчүлөрдүн бири Тимур Мухтаровдун айтканына караганда, «кимдир бирөө бул мүдөөнү жашыруун түрдө талкууга ала алат бирок көпчүлүк алдында аны колдоо - коркунчтуу, эмне дегенде (Орусияда-авт.) экстеризмге каршы мыйзам кабыл алынбадыбы», - дейт.

Орусиянын азыркы кадамы Түндүк-Батыш Кавказдагы жикчилдер кыймылын да үмүткөр кылып салганын АКШнын Жоржтаун университетинин профессору Чарльз Кинг мындай дейт «Ал аймактарда 1990-жылдары кайсы бир уюмдар Орусиядан бөлүнүп өз алдынча автономиясына ээ болуу чакырыгын таштады эле. Бирок ал чакырыктар Путин келгенден кийин басылып калган, эми ошолор жанданышы толук ыктымал.»
XS
SM
MD
LG