Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

15:40 Эдил Байсалов: Кыргыз бийлиги оппозицияны тыңшоо үчүн АКШдан 20 млн долларлык жабдык сатып алган


Эдил Байсаловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча 20 млн доллар турган 192 электрондук-техникалык жабдыктар аз күн мурда АКШдан Кыргызстанга сатылып, апкелинген. “Мен атайын Вашингтондо жарыяланган отчетту иликтеп көрдүм. Пакистан, Израиль сыяктуу террористтер менен күрөшүп жаткан мамлекеттердин бири да мындай электрондук каражаттарды алышпайт, аларга курал-жарак керек. Биздин Бакиевдин өкмөтүнө дал ушундай электрондук тыңшагыч аппараттар керек,” дейт Эдил Байсалов. Анын айтуусунда Кыргызстанга мындай жабдыктарды сатканы үчүн, аларды “Манас” аскерий аба базасы аркылуу өлкөгө киргизип бергени үчүн АКШ да жооп берүүгө тийиш, деп белгилеген Эдил Байсалов мынчалык өлчөмдөгү каражатты президент өз бийлигин чыңдоо үчүн эмес, мамлекет, жок дегенде кыргыздын армиясын жакшыртуу үчүн жумшаса жакшы болмок, деген пикирин билдирди.
Кыргызстан АКШдан 20 млн долларлык курал-жарак сатып алгандыгы тууралуу кабарды бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Буга байланыштуу бүгүн Американын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, 20 млн долларлык электрондук-техникалык жабдыктар Кыргызстанга эмес, анда жайгашкан “Манас” аскерий аба базасына жиберилгенин кабарлады. Анда айтылгандай 2007-жылы АКШдан Кыргызстанга коммерциялык түрдө курал-жарак сатуу болгон эмес.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG