Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Б.ОРУНБЕКОВ: ТҮРДҮҮ ПИКИРДИН АЙТЫЛЫШЫНА МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮҮ - РЕФОРМА


Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу коомчулукта кызуу талкуу уланууда. Айрыкча соңку учурдагы “Де-факто”, “Алиби” менен “Ачык Саясат” гезиттерине карата соттук териштирүүлөр, алардын редакторлоруна болгон кысымдар өлкөдө сөз эркиндиги коркунучта экенинен кабар берээрин адистер баса белгилеп келет. “Азаттыктын” таңкы түз обосунда көз карандысыз журналист Бакыт Орунбековду кепке тарттык.

- Кабарыңыз бар чыгаар, бүгүн “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун 48 саттык камак мөөнөтү аяктайт. Сот бошотуу же камакта калтырууну узартуу маселесин бүгүн чечет. Сиз журналист катары соттон кандай чечим күтүп жатасыз?

Биздин соттордун чечимин азыр мыйзамга ылайык күтүшкө деле болбой калды окшойт деп ойлойм. Анткени, бизде кайсы бийликтин билеги күчтүү болсо, ошонун сөзүн сүйлөп койгон учурлар көп болуп атпайбы. Мен эгерде Бабырбектин мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы бир топ убакытка чейин камака алуу жөнүндө сот чечим чыгарып койсо таң калбайм.

- Мына азыр ушундай эле жагдайга дээрлик “Де-факто” гезитинин баш редактору да кириптер болуп турат. Кечээ тергөөчү баш редактор Чолпон Орозобекова эч жака чыкпоо жөнүндөгү тил катты бузду деп билдирди. Журналисттердин мындай жагдайга кириптер болушу сизге кандай таасир калтырып жатат? Мисалы күнөө маалымат каражаттарындабы же бийликтеби?

Маалымат каражаттарында дагы күнөө болушу мүмкүн дейли, эгерде ошондой мүмкүн болгон учурда дагы кылмыштын оор же жеңил экендигинде дагы болуп жатпайбы. Кылмыш-жаза кодексинде кайсы учурда камалыш керек экендиги көрсөтүлгөн да. Адамдын чөйрөгө коркунучтуу таасири, анан тергөөгө жолтоо болгондо же оор кылмыш иш кылганда коомдон оолактатуу үчүн камап коюп жатпайбы. Ал эми булардыкы сөз болуп атпайбы, журналисттер сөз жазып, сөз айтып жатышат.

Журналисттер дагы кемчилик, ката кетирип коюшу мүмкүн. Бирок маселени адегенде эле камап же коркутпай туруп, башка жол менен чечишсе деле болмок. Бул менимче Кыргызстандын демократиялык принциптерден тайып жаткандыгы жана жанындагы кошуналардын таасири тийип атканыбы дейм. Бизде батыштанбы, чыгыштанбы келип орноп аткан демократиялык принциптерден көрө, башка жеңил же оңой жолдор аркылуу сүйлөбөй турган, башка пикир айтпай турган гана коом түзүлдүбү деп ойлоп атам.

- Кечээ жакында Кыргыз телерадио корпорациясында реформалар жүрүп жатат деп айтылды. Байкоочу кеңеш жакында түзүлөт экен аны түзүүнүн азыркы формасынына кандай көз карштасыз? Анткени, сиз мурда байкоочу кеңештин мүчөсү болдуңуз эле. Канчалык деңгээлде КТРдеги реформаны жүргүзүүгө, эркин, көз карандысыз маалыматтарды элге жеткирүүгө шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк болот?

Мурдагы байкоочу кеңештин укуктары менен азыркы байкоочу кеңештин ыйгарым укуктарын салыштырып болбойт, аларды түзүү, шайлоо, дайындоо, бошотуп алуу деген процедуралардын баардыгы таптакыр өзгөргөн. Анан “Телерадио уктуруулар” жөнүндөгү мыйзамдын өзү түп тамырынан бери таптакыр башка мыйзам. Мурдагы биз байкоочулар кеңешине катышып, шайланууга бара жаткан учурдагы мыйзам менен азыркы мыйзамды асман менен жердей айырмасы бар. Азыркыга ишенүүгө анчалык болбойт.

- Бакыт бул сиздин көз карашыңыз. Бирок ошол эле мезгилде мисалы Мелис Эшимканов, президент К.Бакиев биз жакшы реформа жасап атабыз, бул алдыга жылуу деп атышпайбы?

Алардын оюу -алга жылуу. Мисалы, бул коомдук телевидениенин өзүнүн табиятында же мыйзамында бул коомдогу баардык пикирлер айтылып тура турган, бардык саясий коомдук күчтөрдүн тең салмакта тура тургандай болуш керек эле. Бирок андай нерсе болбой атпайбы.

Буларда жаңы техника алып келсе же ички структураларды өзгөртсө, айлыктын үстүнө акча кошуп берсе реформа катары сезилип атпайбы. Бул жерде түрдүү пикирлердин айтылышына мүмкүнчүлүк түзүү болсо реформа дал ошондо болот. Ал эми азыр КТРде башка пикирлер айтылып жатабы, айтылбай жатабы аны өзүңүз жакшы билесиз...

- Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG