Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Польшага сапарын баштоодо. Анын жергиликтүү жетекчилик менен сүйлөшүүлөрү оңой-олтоң болчудай эмес. Варшава орус-грузин чатагында Тбилисиге өзгөчө колдоосун билдирген өлкөлөрдүн бири. Анын үстүнө Москва АКШнын Польшага антиракеталык системанын бөлүгүн жайгаштыруу пландарына абдан нааразы. Балким, Лавров Польшага соодалашуу үчүн келип жүрбөсүн? – деген суроо коюшат айрым талдоочулар.

Министрдин визити алдында орус куралдуу күчтөрүнүн жогорку өкүлү Николай Соловцов америкалык антиракеталык тоскучтарды жайгаштырууга уруксат берүү Орусияга каршы багытталган аракет катары бааланаарын билдирди.
«Биздин ракеталар келечекте Польша жана Чехиядагы жабдыктарды бутага албайт деп кепил боло албайм», - деди генерал-полковник.

Ушуга үндөш эскертүүнү Башкы штабдын командачы орун басары Анатолий Ноговицын августта, АКШ менен Польша келишимге кол койордун алдында жасаган:

Кимдир бирөө андай жабдууну өз аймагына орнотууга уруксат бергенде, өзүнө белгилүү бир милдеттенмелерди да алат. Аскерий объект болгондо андай жоопкерчилик эки эсеге өсөт. Чегаралаш өлкө ага биринчи кезекте сокку урат.

Албетте, мындай сес көрсөтүүгө Польша жоопсуз калган жок.

Президент Лех Качински келишимге кол коюлганын жар салып, буларды айткан:

Польша бул маселеде өз алдынча чечим кабыл алды. Эгемен өлкө катары биз буга укуктуубуз. Эч ким Польшага эмне кылуу керектигин айтып, көрсөтмө бере албайт. Андай заман эбак өткөн жана коңшуларыбыз биздин өлкө эч кимге баш ийбээрин, эч ким бизди коркута албастыгын түшүнүүгө тийиш. Ракетадан коргогон тоскучту Польшада орнотуу дүйнөдөгү позициябызды бекемдебестен, маанилүү геосаясий ролубузду, дүйнөдөгү эң кубаттуу өлкө - АКШ менен шериктештигибиз күч алып жатканын далилдейт.

Ортодогу мындай салкын мамилелер Варшава грузин-орус кризисинде Тбилисиге ачык колдоосун көргөзгөндөн кийин ого бетер начарлады. Орус аскерлери Грузин аймагына киргенден көп узабай, Качински мурдагы советтик өлкөнүн 4 лидери менен катар Грузияга барып, Орусиянын саясатына каршы митингге катышты.

Ушундай жагдайлардан улам, байкоочулар Лавровдун сапарынан эмнени күтсө болот? – дешет.

Визиттин алдында польшалык “Газета Выборча” деген гезитте орусиялык министрдин макаласы жарык көрдү. Анда Лавров польшалык жетекчилик менен соодалашуу мүмкүнчүлүгүн кыйытты.

АКШ жана Польша антиракеталык система Орусияга каршы багытталбайт деп кепилдик берүүгө кызыкдар болсо, биз алардын конкреттүү сунуштарын кароого даярбыз, - деп жазат Лавров.

Мындан тышкары министр Польшаны “Түндүк Агым” газ куурун жаткыруу пландарына жолтоо болбоого үндөп, өлкө мунай жана газ экспорттоодо келечекте Орусия үчүн маанилүү транзит жолу болуп калышы ыктымал деп белгилейт.

Гезит орустардын тил табышуу сунушун Польшаны өз тарабына тартуу аракети катары сыпаттайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG