Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Түштүк Осетиянын лидери Эдуард Кокойты Орусияга кошулуу жөнүндөгү билдирүүсүн кайра алды


Мурдараак ал бүгүн Сочидеги жыйында Грузиянын жикчил аймагы катары эсептелген Түштүк Осетия коңшу Түндүк Осетия менен биригип, Орусия федерациясына "эл аралык мыйзамдардын нормаларына" ылайык кошулууну көздөөрү тууралуу айтканы кабарланган эле.

Бирок Кокойты кийинчерээк аны туура эмес түшүнүп калышканын, Түштүк Осетия көз карандысыздыгынан баш тартпай турганын белгиледи.

Тбилиси жикчил чөлкөмүнө көзөмөл орнотууга аракеттенген соң өткөн айда Орусия Грузия менен согушууга барды. Анын соңунан Түштүк Осетиянын жана Грузиянын дагы бир жикчил чөлкөмү - Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныды.

Абхаз лидери Сергей Багапштын Сочидеги бүгүнкү жыйында билдиргенине караганда, Абхазия Орусия менен Беларустын союзуна кошулууну каалайт, ошондой эле КМШ уюмуна кириши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG