Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги Ооганстандагы кыйынчылыктарды моюнга алышты


Штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, адмирал Майк Маллен кечээ Конгресстин эл өкүлдөр палатасында сүйлөгөн учурунда билдиргендей, ал Ооганстанда АКШ баштаган коалициялык күчтөр жеңишке жетишип жатканына ишене албайт, бирок артыкчылык кылууга болот.

Адмирал Маллен ошондой эле согушкерлерге каршы ооган-пакистан чек арасынан эки тарабынан тең күрөшүү боюнча кеңири стратегия кабыл алууга чакырды, Пакистандын өкмөтү менен террорчулукка каршы күрөштө тыгыз кызматташтык керектигин белгиледи. Аны менен бирге Конгрессте коргоо министри Роберт Гейтс да маалымат берди.

Мунун алдында, ушул шейшембиде АКШ президенти Жорж Буш ушул келерки жылдын февралында Ооганстанга кошумча 4 миң жоокер жөнөтүлөөрүн жарыялаган.

Бул аралыкта ооган президенти Хамид Карзай АКШнын террорго каршы күрөштөгү стратегиясы "өзгөрүүсүн" кубаттады, ал эми Пакистан армиясынын жетекчилиги, АКШ баштаган күчтөрдү жакында алардын аймагына Ооганстан тараптан кирип кирип келип, согушкерлерге каршы жортуул жасаганы үчүн сынга алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG