Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарда курман болгондорду эскеришүүдө


Бүгүн - бул каргашалуу окуянын жетинчи жылдыгы. Андагы террордук чабуулдардан 3000 миңдей адам каза тапкан. Каракталган төрт учактын алгачкысы Нью-Йорктогу Соода борбордун мунараларын Бишкек убактысы боюнча саат 18ден 46 минута өткөндө сүзгөн болчу. Дал ушул убакытта террордук чабуулдун курмандыктары бир минутка унчукпоо менен эскерилди.

Республикалык жана Демократиялык партиянын президентикке талапкерлери, сенаторлор Жон МакКейн менен Барак Обама бүгүн Дүйнөлүк соода борбордун кыйраган мунараларынын жерпайындагы эскерүү иш чарасына катышары күтүлүүдө. 2001-жылдын 11-сентябрында төрт жүргүнчү учактын каракталышы үчүн "ал - Каида" менен алакасы бар террочулар жоопкер болгон. Учактардын экөөсү Дүйнөлүк соода борбордун мунараларын сүзгөн, үчүнчүсү Вашингтондон Пентагондун жанына, төртүнчүсү Пенсильвания штатынын аймагына кулаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG