Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

7:12 Жол кырсыктарынан өткөн 8 айда эле 529 адам мерт болгон


Бул тууралуу коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков өткөргөн кечээки жыйында айтылды. Жол коопсуздугу боюнча өткөн бул жыйында Исмаил Исаков жол кырсыктарынын көпчүлүгү айдоочулардын айынан болуп жатканын, ага тиешелүү тараптардан жетиштүү көзөмөл болбой жатканын белгиледи. Ошондой эле соңку убакта айдоочуларды даярдоо сапаты кескин төмөндөп кеткени, жол боюндагы белгилердин да эскилиги жеткени айтылып, жыйынга катышкан тиешелүү тараптардын жетекчилерине жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кескин чараларды көрүү милдеттендирилди. Исмаил Исаков мындан сырткары чыгарылганына 15 жылдан ашкан автоунааларды өлкөгө киргизүүдө бажы төлөмдөрүн көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG