Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

8:40 Бишкекте бүгүн ЖККУнун чукул кырдаалдар министрлеринин жыйыны өтөт


Анда негизинен уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда өзгөчө кырдаалдар маселесин жөнгө салуу, эгерде кайсы бир мамлекетте мындай абал түзүлө турган болсо бири-бирине тез аранын ичинде жардам берүү боюнча маселелер козголот. Бул тууралуу “Азаттыкка” чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, мындай жыйын ЖККУ алкагында биринчи ирет өтүп жатат. ЖККУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылгандыктан бул жыйын да кыргыз тараптын жетекчилиги астында өтмөкчү. Уюмдун төрагалыгын Кыргызстан жакында эле Арменияга өткөрүп бергени белгилүү. ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. (SM)

XS
SM
MD
LG