Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

ОРУС УЧАКТАРЫ ЖАНА УГО ЧАВЕСТИН КЫБААСЫ


Шаршемби күнү кечинде россиялык стратегиялык аскери эки учак Венесуэланын аэродромуна келип конгон эле. Өлкөнүн президенти Уго Чавес муну АКШнын таасирин ооздуктоо ишаарасы катары кабыл алып, кыбаасы кана куттуктады. Венесуэланын коңшуларын бул окуя коопко салды.

Уго Чавес буга чын эле чечкейи чеч боло кубанды. “Россиянын бомбалоочу стратегиялык учактары Венесуэлага келип конушту. Ооба, ооба. Янкилер муну билип койсун!” – деп айтты Чавес чомочосу көтөрүлө.

Чавес жакынкы күндөрү эки учактын биринде Кубанын үстүнөн ылдыйлап учуп өтүп, Ту-160тын бортунан өзүнүн саясий устаты Фидел Кастрого салам айтканы жатат.

Каракастын Москва менен стратегиялык кызматташтыгы тереңдеп баратканын айтып, Чавес эл аралык алака-мамилесин Венесуэла Вашингтондун көрсөтмөсү менен эмес, өзү каалагандай кылып түзөрүн билдирди. Венесуэланын стратегиялык союздашы катары ал Россиядан тышкары Кытайды, Бразилияны, Аргентинаны жана Кубаны атады.

Орустардын аскери эки учагы Кариб деңизинин алабында жана Атлантиканын үстүндө бир нече күн машыгууларды өткөрөт, андан соң Россиядагы базасына кайтып келет. Мунун баары, Россиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Андрей Нестеренко ырастагандай, бир жыл мурда пландалып,быйыл июлда Уго Чавестин Москвадагы визити маалында биротоло чечилген экен. Мындан тышкары тараптар быйыл ноябрда Кариб деңизинде Венесуэла менен Россиянын аскер деңиз кемелеринин биргелешкен машыгууларын өткөрүүнү да макулдашышкан. “Бу машыгуулар, эгер бекитилген планга жараша өткөрүлсө, кайсы бир өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы багытталбайт”,-деп ишендирди Нестеренко.

Деген менен айрым бир эксперттер ноябрдагы машыгууларды Грузияга аскери кемелер менен гуманитардык жардам жеткирген АКШнын кадамына нааразы болгон Москванын позициясы менен байланыштырышты. “Эгер биз да Кариб деңизинин алабындагы капсалаңдан катуу жабыркаган өлкөлөргө аскери кемелер аркылуу гуманитардык жардам жөнөтсөк, америкалыктар кандай абалда калышар эле?!”-деп собол салган эле жакында орус президенти Дмитрий Медведев.

Россиянын Кавказдагы аракеттерин Венесуэланын лидери биринчилерден болуп колдоп чыкты. Аскери эки учактын келишин болсо Чавес Россиянын “америкалык империядан” коркпогон “эрдиги” деп атады жана бул үчүн Москвага ыраазылыгын билдирди. “Ту-160 учактарынын жардамы менен АКШнын 4-флотунун кыбыр эткен кыймылынан эми маалымдар болуп турабыз”,-деп кубанды Чавес. Венесуэлага туула турган башкы коркунучту ал америкалыктардын 4-флотунан көрөт.

Россия стратегиялык аскери авиациясы менен дүйнөнүн алыскы аймактарын кайголдоо практикасын былтыр августта ошо кездеги президент Путиндин көрсөтмөсү менен кайра жанданта баштады. Мындай милдетти адатта Ту-160 учактары аткарат. Алар 16 чакырым бийиктикте 13 миң чакырым алыстыкка конбой уча алат. Бул учактар ядролук дүрмөтү бар он эки ракета, 40 тоннага жакын бомба жана башка куралдар менен жабдылган.

Орус аскери өкүлдөрү Венесуэлага конгон эки учактын бортунда ядролук эч кандай дүрмөт жок экенин ырасташты.

XS
SM
MD
LG