Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Орусиянын газ гиганты - Газпром дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири жана Еврошаркеттин көгүлтүр от менен эң башкы камсыздоочусу. Орусия менен Грузия ортосундагы жакынкы согуштан соң Европада орус өкмөтү жарымынан көбүнө ээлик кылган бул ишкананы тышкы саясий максатта колдонууну күчөтпөйбү деген жаңы кооптонуулар айтылууда. Бирок Газпромдун өзүндө да ички көйгөйлөрү жок эмес.

Дүйнөдө көгүлтүр оттун баасы азыр кымбаттоонун гана үстүндө жана бул жараян алдыдагы жылдары да уланчудай. Мындай шартта акцияларынын 50%дан ашуунуна орус өкмөтү ээлик кылган Газпромдун келечеги, сыртынан караганда, укмуштуудай көрүнөт.

Грузия – Орусия ортосундагы жакындагы аскерий жаңжалдан улам Орусия менен Еврошаркеттин алакасы чыңала түшкөнү белгилүү. Шаркеттин айрым өлкөлөрү Орусияга каршы жазалоочу чараларды колдонуу демилгесин көтөрүшкөн, ошол эле учурда алардын көпчүлүгү көгүлтүр от жагынан Москвага көз каранды. Анткен менен тармак боюнча айрым эксперттер Газпром көпчүлүк ойлогондой анчалык деле кубаттуу эмес экенин айтышат.

Маселен Энергия изилдөөлөрү боюнча Оксфорд институтунун кызматкери. "Орусия газынын жана Газпромдун келечеги" деген китептин автору Жонатан Стерн (Jonathan Stern) "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде компаниянын техниклык көйгөйлөрү жөнүндө буларды белгиледи:

- Газпромдо 150 миң чакырымдык жогорку басымдагы куур бар. Бул абдан чоң система. Алардын көпчүлүгү 70-80-жылдары совет заманынын анчалык жакшы эмес технологиясы менен шашылыш төшөлгөн. Азыр эскирип бара жатат жана тезинен өзгөртүүнү талап кылат. Бирок канчалык тез алмаштыруу керектигин айтуу кыйын. Менимче, алар азыр куурларды мүмкүн болушунча тез алмаштыруу зарылдыгын түшүнө башташты, бул балким алдыда алар куурларды алмаштыруу үчүн жылына 5-10 миллиард доллар сарптоого барат дегенди билдирет.

Орусиянын бүткүл аймагын газификациялоону орус өкмөтү Газпромдун ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыты катары атаган. Бирок жакынкы жылдарга чейин эле Газпром ички базарда кирешеге эмес, чыгашага ээ болуп келди. Жалпы газдын үчтөн эки бөлүгү ички муктаждыкка жумшалганы менен негизги киреше сырттан түшөт.

Анын башкы кардары - Европа өлкөлөрүнүн ичинде болсо Газпромдон көгүлтүр отту импорттоонун деңгээли ар кандай. Мисалы Бельгия муктаждыгынын 1,6%ын эле алса, Германия 40%ын импорттойт. Ал эми шаркеттин мурда коммунисттик блокко кирген жаңы мүчөлөрү бул жагынан Орусияга көбүрөөк көз каранды. Сооданын кеңейиши Европа менен мамиле кылууда ага артыкчылык берип жаткандай, бирок Эдинбургда жайгашкан "FSU Oil and Gas Monitor" басылмасынын редактору Женнифер ДиЛейдин (Jennifer DeLay) айтымында, кызматташттык эки тарап үчүн тең пайдалуу:

- Чынында Газпромго Европа, Европа Газпромго муктаж болгондон да көбүрөөк керек. Менимче Европага сатылган газ азыр Газпромдун кирешесинин 60%ын түзөт. Муну жоготуу кампания үчүн чоң зыян.

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча Европа кеңешинин энергия боюнча эксперти жана Кембридж университетинин профессору Пиерр Ноилдин
(Pierre Noel) көз карашында, Еврошаркет үчүн проблема - Газпромго көз карандылык эмес, Газпром шаркеттин энергияга муктаждыгын жалгыз канаатандыра албасында:

- Биз түшүнгөндөн алар азыр эле өз өндүрүшү аркылуу милдеттенмелеринин баарын аткара албай калды. Газпром өзүнүкүнөн башка дагы эи булактын газына көз каранды. Аны бир жагынан Борбор Азиядан, негизинен Түркмөнстандан алат, экинчиси көз карандысыз деп аталган өндүрүшчүлөрдөн, Орусиянын газпромдук эмес өндүрүүчүлөрүнөн.

Энергия изилдөөлөрү боюнча Оксфорд институтунун эксперти Жонатан Стерн Газпром көгүлттүр оттун башка альтернативалуу булактарына муктаж экенин төмөнкү жагдайлар менен түшүндүрөт:

- Менимче кийинки беш жыл, өзгөчө 2011-жылдын тарта Газпром үчүн оор мезгил болот. Алар 30 жылдан бери иштетип келген кендердин кору азайууда, андыктан жаратылыш шарты катаал аймактардан жаңы кендерди ачышы керек. Менимче, бул алар үчүн көйгөй болот. Газдын бир аз жетишсиздигин алар 2010-жылдын башынан тарта эле сезе баштайт.

Британиялык адис кошумчалагандай, албетте жаңы кендердин иштетилиши менен абал оңолот. Бирок бул жакын арада эле ишке аша койбойт. Ушундан улам талдоочу Жонатан Стерн кошумчалагандай, Европа иш жүзүндө Газпромго көз карандылыктан башка көйгөйгө жакындоодо:

- Менимче, Европа туш келип жаткан чыныгы көйгөй Орусиянын газына карк болуп, Москванын саясий талаптарына каршылык көргөзө албай калуу эмес. Европанын чыныгы проблемасы муктаж болгон газдын баарын келечекте Орусиядан алып калуу эмес. Мен Газпром Европа менен узак мөөнөткө эсептелген газ келишимдерин түзгөнүн көргөн жокмун. Бул, балким, Европа Орусияга газ жагынан көз каранды болуп калды деп эсептегендер үчүн жакшы жаңылыктыр, бирок Европа алдыдагы 10-20 жылда канча газга муктаж болорун анализдегендер үчүн проблема. Биз Европа ал газды кайдан аларына тынчызданып жатабыз.

Батыш эксперттери белгилегендей, Газпром 40 жылдан ашуун убакыттан бери Европанын ишенимдүү өнөктөшү болуп келе жатат. Совет заманында ал Мунай жана газ министрлиги болчу. Чынында эле Европанын кээ бир бөлүктөрүнө газ берүү үзгүлтүккө учураган кездер сейрек жана кыска убакытка эле, анда да Украина же Беларус өңдүү транзиттик өлкөлөр менен талаш-тартыш чыккан учурда гана, орун алды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG