Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

10:50 Жогорку Кеңеш банктардын ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзам долбоорун кабыл алды


“Банктар жана Кыргызстанда банк ишмердүүлүгү” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө мыйзам долбоорун парламент депутаттары экинчи окуудан кийин кабыл алышты. Мыйзам долбоорунда каралаган кошумча, өзгөртүүлөр Кыргызстандын каржы-банк системасын кылмыштардан коргоо жана БУУнун террорчулукту каржылоого жана арам акчаларды адалдоого каршы бир катар конвенцияларын аткаруу үчүн шарттарды түзөт. Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитеттин төрагасы Максат Кунакуновдун айтымында, аталган мыйзам долбоору ушул жылдын 19-июнунда биринчи окууда кабыл алынган жана долбоорго өзгөртүүлөр 22-апрелде өткөн парламенттик угууларда айтылган сунуштарды эске алуу менен киргизилди.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG