Борбордук шайлоо комиссиянын маалымдашынча талапкерлерди каттоо 14-сентябрга чейин созулат жана үгүт өнөктүгү 15-сентябрдан тарта башталат. Шайлоо туралуу кодекске ылайык үгүттөө добуш берүүгө жыйырма төрт саат калганда токтотулат. Жергиликтүү жана шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо 5-октябрда өтөт. (EBM)