Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Талкууну уюштурган Бурулкан Сарыгулова, Бишкек “Азаттыктын” таңкы түз ободогу тегерек үстөл талкуусуна жабылып калган “Алиби” гезитинин, жаңы чыга баштаган “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков, Кыргыз өкмөтүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча сектор башчысы, Басма сөз эркиндиги фондунун байкоочулар кеңешинин мүчөсү Болот Жумабаев жана “Кыргыз туусу” гезитинин мурдагы редактору, юридика илимдеринин кандидаты Жедигер Саалаев катышты.

- Анда талкуубузду акыркы окуядан баштайлы. Мына, “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков эки күн камакта отуруп, кечээ бошотулду. Адегенде бизге маалымат берсеңиз, сиз кандай себептен камакка алындыңыз жана сотко жетпей бошотулушуңузга кандай жагдай негиз берди?

Жээнбеков Б.: - 9-сентябрда саат үчтөрдө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсү Турат Байчаев мага телефон чалып, саат бештерде келип кетиңиз деп өтүндү. Адвокатым экөөбүз барсак “Мен сени камакка алам” деди. Камакка алуунун жөнү кандай, эмне үчүн камакка алынышым керек? Анын үстүнө мен эч жакка кеткен эмесмин. Күнөкөр катары суралган эмесмин. Чакырган убагыңарда келип атам десем, “Жок, мен камакка алышым керек. Жогору жактан ушундай тапшырма болуп атат” деди.

Анан мен ага түшүндүрдүм, биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптары боюнча мени камакка алууга эч кандай негиз жок. Экинчиден, 2-сентябрда мен Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкердигимди коюп, каттоодон өткөм. Ал боюнча менин колумда күбөлүк бар болчу жана ал күбөлүктүн көчүрмөсүн мен 3-сентябрь күнү тергөөчү Байчаевге тапшыргам. Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин 28-беренесинин 5-пунктуна ылайык талапкер болуп катталган адам Борбордук Шайлоо комиссиясынын уруксаты болмоюнча камакка алынышы мүмкүн эмес.

- Ошентип камакка алындыңыз. Кийинчерээк (24 саттан кийин-авт.) сотко чейин бошогон экенсиз, ага кандай жагдайлар негиз берди? Кандай келишимдер болду?



Жээнбеков Б.: - Бул жерде эч кандай келишимдер болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес. 10-сентябрда “Акыйкат үчүн” кыймылы, Коомдук парламент, “Ата Мекен”, “Ак шумкар”, “Жашылдар”, “Улуу биримдик” жана башка бир топ партиялар, коомдук уюмдар кайрылуу менен чыгышкан экен. Анын ичинде биздин медиа өкүлчүлүк да бар. Алар кайрылууларын президентке, коомчулукка жолдошуптур. Мен ойлоп атам, бошотулушумдун биринчи себеби ушул жагдай болду.

Экинчиден, мени чыгарып атканда тергөөчү айтты “Мен сени сотко алып барган күндө дагы сот мындан ары отурушуңа санкция берерине менин көзүм жетпей атат. Анткени, үч жылга чейин эркинен ажыратуусу каралбаган адамдарды камакка алууга мыйзам жол бербейт. Ошондуктан, мен сени чыгарууга мажбур болуп атам” деди.

- Бабырбек Жээнбеков президенттин инисинин доосуна ылайык 1 млн. сом айыпты төлөгөн жок деген негиз менен камалган. Мындай кооптуу жагдай азыр “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекованын айланасында да түзүлүп турат. Орозобекованын өзүнүн маалыматына караганда, аны тергөөчү бүгүнкүгө чакырган экен. Анткени, анын мойнунда 4 миллион сом айып жана эки кылмыш иши турат. Бул эки гезиттин айланасындагы окуяларга ким кандай баа берет?

Жумабаев Б.: - Эми албетте, басма сөздүн тегерегинде ушундай тергөөлөр, териштирүүлөр, биз менен отурган аксакалыбыздын айланасындагы иш абдан кейиштүү иш болуп калды. Басма сөздө айтылган сөз боюнча камакка алуу абдан күмөн маселе. Эми аягы мындай жакшы бүткөнү жакшы болду.

Ал эми экинчиси, “Де-фактонун” тегерегиндеги маселе боюнча иш өз нугунда жүрүп атат окшойт. Бирок мындай маселелердин кылмыш категорияларына, беренелерине өтүп кетиши айрым маселелерде мага байкоочулар кеңешинин мүчөсү катары кичине аша чабуулар барбы деген күнөм саноолорду туудурат. Ошондуктан, басма сөздө жарыяланган материалдарды кылмыштык негизде эмес, башка нукта териштирген туура болот беле деп ойлойм.

Саалаев Ж.: - Бул жерде факт өзү эле айтып жатат. Адам өзүнүн укуктарынын чектелүүсүнө дуушар болуп атат. ЧындыгындаКыргызстан Орто Азияда, башка советтик мейкиндикте басма сөз мыйзамдарыбыз бир топ прогрессивдүү деп таанылып келатат. Бирок мына бул факт көргөзүп тургандай, дагы эле мыйзамдарда актай жерлер бар экен. Мына 2007-жылы Кылмыш-жаза кодексиндеги 122, 128-беренелер боюнча парламентте эки жолу добуш берилип, анан кандайдыр бир оюндардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинен алынбай калгандыгы да ошол күн мурунтан журналисттерге алдын ала мамиле сыяктуу сезилип атат. Чынын айтканда “бөрк ал десе баш алган” аша чабуулар сот адилеттиги жөнүндө тескери гана пикирлерди жаратат.

-Ушул жерде Кыргызстандын медиа өкүлү Илим Карыпбековдун “Азаттыкка” мурда берген интервьюсунан бир үзүм угуп, анан талкуубузду улантсак.

Карыпбеков И.: (аудиотасма) “Эгерде 2006-2007-жылдары соттук практикада журналисттерден, жалпыга маалымдоо каражаттарынан “кадыр баркына, адамдык ар-намысына шек келтирди” деген негиз менен 20-30 миң сомдон акча алынса, быйыл айыптын өлчөмү кескин көбөйүп кеткен. Кээ бир учурда караманча эле кескин көбөйүп кеткен. Азыр өзүңүздөр билесиздер, сот аркылуу миллиондогон суммалар өндүрүлүп жатат. Орто эсеп менен республика боюнча алып келсек бул сумма 20-30 миңден 50, 60, 70 миң сомго чейин көбөйүп кетти.”

- Сиздер уккан медиа өкүлдүн маалыматы. Кандай деп ойлойсуздар, басма сөзгө соттор чын эле кысым жасап жатабы же башка себептери барбы?
-

Жумабаев Б.: - Менимче, Жедигер туура айтып атат. Мыйзамдык базаларда алешемдик бар экендигин бүгүнкү практика көрсөтүп атат, (эми албетте, мыйзамдарыбыз жыл өткөн сайын жакшырып баратат деген ишеним бар) ошондуктан, мыйзамдардын базалык жагын бекемдешке негиздер бар экендиги көрүнүп турат. Мыйзамда иштей турган иштер көп экен.

Жээнбеков Б.: - Кысым жасалып жатканы бизге, “Де-факто” гезитине жасалган мисалдардан эле көрүнүп турбайбы. Мыйзамда жазылып турат, жарандык иш боюнча сот процессин жүргүзүү учурунда. Кандайдыр бир доону тагаар алдында ал адамдын же юридикалык жактын коомдогу ролун караш керек, ал адамдын келтирген зыянынын деңгээлин караш керек, экинчи жагынан доогерге кандай зыян келтирилип атат, доогердин коомдо ээлген ролу кандай деп. Мына биздин мисалдан алып көрөлү. Салиев Асылбек – жөнөкөй студент жигит. Салиев дегенди Кыргызстанда эч ким билбейт экен. Балким Бакиев десе билиши керек эле, балким Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу экен деп.

Ошол эле учурда бир кезде министр болуп жүргөн, бир кезде чет өлкөлөрдө биздин өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп жүргөн Аликбек Жекшенкуловду алалы. Ал киши “Агым” гезитин сотко берди эле. “Агым” гезитинен 25 миң сом өндүрүп берип койду.

Ошондуктан, мен ойлоп атам сот тарабынан жасалган кысымчылык аябай чоң. Соттор Жогору жактын заказын аткаруу менен гана алектенип атат. Ал эми реалдуу ишке баа берүү соттор тарабынан эч качан жүргүзүлбөйт.

Саалаев Ж.: - Ушундай маселелерди караган учурда, моралдык доо койгон учурда, чечим кабыл алган учурда соттор түздөн-түз субьективдүүлүк принципке жетеленип кетип атканы көрүнүп турат. Азыркы эле мисалда көрүнгөндөй мыйзамда моралдык доону коердо ошонун критерийлерин тактап чыгыш керек да. Эмне үчүн бирөөнө 20 миң сом, экинчисине 1 миллион сом?

Мына ушундай жагдайлардан улам бүгүнкү журналист ким жана анын эркиндигин ким камсыздашы керек деген суроо туулат. Анткени, бир топ аналитиктер бийлик маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө катаал мамиле жасап жаткандыгы тууралуу да арбын айтып жатышат.

Жумабаев Б.: - Катаал мамиле жасап жатат дегенге кошулбайт элем. Бүгүн карап көрсөк, сөз эркиндигин чагылдыра турган критерийлер бар. Мисалы, Кыргызстандын аймагында юстиция министрлигинде 1000ден ашык эркин басма сөз каражаты катталган. Анын ичинен 700гө жакыны чыгып атат.

Андан тышкары билесиздер, Борбор Азия боюнча Кыргызстанда жападан-жалгыз Фридом Хаус уюму аркылуу уюшулган басма сөз эркиндиги боюнча фонду беш жылдан бери басма сөз эркиндигине, басылмалардын чыгышына көмөктөшүп келатат. Өлкөбүздө басма сөз эркиндиги тиешелүү деңгээлде деп айтса болот.

Жээнбеков Б.: - Мен эми бул пикирге кошула албайм. Анткени, мен муну башымдан өткөрүп атам. Басма сөз кандайдыр бир деңгээлде дегени мүмкүндүр. Бирок, тиешелүү деңгээлде болбой атат. Анткени, журналист өзүнүн коомдогу жаңылыктарды элге ачык-айкын жеткирип туруу керек деп эсептейм. Анын критерийлерин кандай берет, ал журналисттин өзүнүн уятындагы иш. Мисалы, биздин гезиттеги доо койгон макаланы алып караганда, албетте, ар кандай пикир айтууга болот. Бирок мыйзамда жазылып турат - журналист коомдо болуп жаткан окуяга өзүнүн көз карашын айтууга акылуу деп.

Биздин газета окуяга көз карашын айткан. Макала гезитке чыккандан кийин сегиз айга токтоп калган тергөө иши жанданып атпайбы. Эгерде биздин газетага макала жарыяланбаганда кылмыш ишине тиешелүү адамдар бүгүнкү күнгө чейин кылмыш ишине тартылат беле, тартылбайт беле, бул да маселе болуп өзүнчө калып атпайбы.

Саалаев Ж.: - Менимче, бул жерде маселеге комплекстүү караш керек. Журналист коомдогу социалдык субьект катары коомдон сырткары жашай албайт. Журналист өзүнүн чыгармачылыгына жоопкер мамиле жасашы керек.

Мына сиз журналист деген ким деп суроо бербедиңизби. Бул -чыгармачыл адам. Ага үч аспекттен караш керек. Биринчиден, социалдык аспект – журналисттин табийгый мүмкүнчүлүктөрү. Экинчиси – экономикалык аспект. Эмне деген басылмада иштеп жатат? Анын жетекчилиги ким? Кайсы тараптан каржыланып атат? Айтылып келаткандай, түзүүчүлөрдүн сөзүн сүйлөгөн басылмалар көп да. Үчүнчүсү – юридикалык аспект. Биз ушуга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек да. Бул биринчи кезекте мыйзам алдындагы жана абийир алдындагы жоопкерчилик.

Негизи тарыхта басма сөз эркиндигинин үч концепциясы бар да. Биринчиси, авторитардык эркиндик, анын жеткен жери- тоталитардык эркиндик экенин совет доорунда көрдүк. Бул бийликтин алдындагы эркиндик, цензура деген сыяктуу. Экинчиси – толук эркиндик. Бул 17-18-кылымдардагы революциячылардын лозунгу эле. Канчалык жек көрүмдү болсом да душман алдында өз оюмду айтуу үчүн керек болсо жанымды берем деген. Анан үчүнчүсү – мыйзам алдындагы эркиндик.

Ошондуктан, биз жанагыдай фактыларга кабылбаш үчүн факт жана аргумент менен иштеш керек, журналисттин негизги күчү ушунда болушу керек. Сот алдына эртеңки күнү турганда да жеңип чыккандай болушу керек.



- Бизге бөлүнгөн эфирдик убакыт бүтүп баратат, дагы бир суроону талкуулап калалы. Бүгүн журналистке кол тийбестик макамы керекпи? Анткени азыр журналисттер арасында ар кандай доолорго, тергөөлөргө, соттук териштирүүлөргө эле эмес, өлүмгө кирептер болгондорду да билесиздер. Маселен, Алишер Саиповдун өлүмү, биз такай мисалга тартып келатабыз. Анда журналистке кол тийбестик керекпи?

Жумабаев Б.: Менимче журналист бардык башка жарандар сыятуу эле мыйзам жоопкерчилигин көтөргөн катардагы жарандык милдетин аткарышы керек.

Жээнбеков Б.: - Мен керек деп ойлойм. Эмне үчүн депутаттарга керек? Анткени алар дагы ойлорун трибунада эркин айтканга керек деп атпайбы. Ошон үчүн мен керек деп ойлойм.

Саалаев Ж.: Журналистке кол тийбестик керек эмес, анткени, алар эл тарабынан шайланышкан эмес. Алар ар кандай деңгээлде, категорияда. Ошондуктан, алар мыйзам алдында башка жарандар менен бирдей болушу керек.

- Урматтуу коноктор, ушуну менен талкууну жыйынтыктайлы. “Азаттыктын” студиясына келип, түз ободогу талкууга катышып бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз.
XS
SM
MD
LG