Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

13:40 Чүй: күйдүргү илдетине чалдыккан беш адам ооруканадан чыкты


Бул туурасында бүгүн Чүй облустук санитардык- эпидемологиялык борборунун жетекчиси Рысбек Сыдыгалиев «Азаттыкка» кабарлады. Анын билдиргенине Караганда, өткөн айдын соңунда Жайыл районунан беш адам күйдүргү оорусуна чалдыкканы катталган. Илдет адамдарга Москва районунан алынып келинген эки уйдун этинен жуккан. Бул союлган малдын эти тарап кеткендиктен дагы 92 адам текшерүүдөн өткөрүлүп, дары-дармек таратылган. Атайын көзөмөлгө алынып, бекер дарыланган беш адам күйдүргү оорусунун тери формасы менен жабыркашкан. Кечээ облуста координациялык жыйын болуп, анда Москва жана Жайыл райондорундагы ветеринардык башкармалыктардын жетекчилери иштен бошотулган. Жергиликтүү бийликтин билдиргенине караганда, оорунун алдын алуу иштери ушул райондордо начар жүргүзүлгөн. Былтыр жай айында Чүйдүн Сокулук районунан күйдүргү оорусуна төрт адам чалдыккан болчу. (JJ)

XS
SM
MD
LG