Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

12-СЕНТЯБРЬ: “ТАРЫХ БАРАКТАРЫ”


1898-жылдын 12-сентябрында Жетисуу областтык прокурору Каракунуз кыштагында жашаган дунгандар менен Шабдан Жантаев ортосунда кутумчулдук байланышты териштирген. 1916-жылдын 12-сентябрь күнү Белек Солтоноев, Токтосопу Сарбозовдор Синьцзяндагы жергиликтүү аскер башчы менен сүйлөшүү өткөрүшкөн.

Таанымал саякатчы, илимпоз П. П. Семенов-Тянь-Шанский менен сүрөтчү П. М. Комаровдор 1857-жылдын жай айында Теңир тоону түгөл кыдырып, жергиликтүү жаратылыш жана буга чейин илимге белгисиз фауна, флора туурасында баалуу маалымат топтошкон. Коюлган милдет максатына жеткен соң экспедиция мүчөлөрү 12-сентябрда Верный шаарына кайтып келишкен.

1888-жылдын жай айында өткөн Сарыбагыш волосттук шайлоо «чубактын кунундай» узарган чырга айланган. Сарыбагыш волостунун 1000 түтүн чамалуу кишилери шайлоо маалында аларга карата манап жантайлардан кысым жасалгандыгына арызданышып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүшкөн. Арыз Жетисуу областынын Аскер губернатордугунда каралып, 1888-жылдын 12-сентябрында областтык Аскер генералы Иванов аны менен таанышкандыгын күбөлөндүргөн резолюция койгон. Сарыбагыш волостунан түшкөн арыздын туура, чындыгы жеринде териштирилип, керектүү чечим чыгарылыш маселеси Токмок уезддик начальнигине жүктөлгөн.

Жетисуу областтык прокурору 1898-жылдын 12-сентябрында Каракунуз кыштагында жашаган дунгандар менен Шабдан Жантаев ортосунда кутумчулдук байланышты териштирген. Прокурордук териштирүү Каракунуз волосттук башчысынын арызыны байланыштуу жүргүзүлгөн. Волость башчысы кыштакта жашаган айрым дунган адамдары Сарыбагыш волостуна барып, Шабдан Жантаев менен жашырууун байланышып, орус бийлигине каршы көтөрүлүш чыгарууну көздөп жүрүшөт деп кабарланган.

Прокурордун иликтөөсүндө Каракунуз кыштагынын дунгандары кыргыздар менен көтөрүлүш чыгаруу үчүн эмес, жеке байланышта жүргөндүгү далилденген.
1916-жылкы көтөрүлүштөн качкан кыргыздар Кытай мамлекетинин чекарасынан өтүп, эми алардын мында орун алчу укук маселеси келип чыккан. 12-сентябрь күнү Белек Солтоноев, Токтосопу Сарбозовдор Синьцзяндагы жергиликтүү аскер башчы менен сүйлөшүү өткөрүшкөн. Кытай доотайы башында кыргыздар Кытай мамлекетинин чекарасын мыйзамсыз бузгандыгын айыптап жана Россия империясы Кытай менен өнөк экендигин билдирип, аларды өлкө чегинен чыгып кетишин талап кылган. Сүйлөшүү соңунда доотай алардан Кашкардагы орус консулуна көрүнбөй, тоо арасында турушуна уруксат берген.

Чебер ырчы, журт сүймөнчүгү Ырысбай Абдыкадыров 1994-жылдын бу күнү жарык дүйнө менен кош айтышты. Ал 360 чамалуу обон жаратып, алардын 126сы калк арасына тарап, айрым обондор кыргыз музыкасынын Алтын фондуна алынган.

Бу күнү, 1723-жылы Персия Россияга Каспий жээгин Баку шаары менен чогуу берип, 1583-жылы италиялык композитор Джироламо Фрескобальди, 1818-жылы америкалык ойлоп тапкыч, пулемет куралын чыгарган Ричард Гатлинг, 1838-жылы немец астороному, жылдыздар каталогун түзгөн Артур Ауверс, 1897-жылы француз физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ирен Жолио-Кюри, 1944-жылы чебер скрипкачы Владимир Спиваков, 1938-жылы жазуучу Төлөндү Ахметов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG