Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

15:45 Табигый жана бөөдө кырсыктардан коргонуунун жолдорун биргелешип издөө – негизги милдеттердин бири


Мындай пикирин өкмөт башчы Игорь Чудинов Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн чукул кырдаалдар министрлери менен жолугуусунда билдирди. Премьер-министр ушул жылдын 24-августунда Бишкектин жанында ири авиа кырсык болуп өткөнүн, мындай кырсыктар айттырбай келээрин белгиледи. Жолугушууда ЖККУнун баш катчысынын орун басары Токтасын Бузубаев өткөн айда Чолпон- Ата шаарында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн миграция кызмат жетекчилеринин жыйын өткөнүн маалымдап, анда мүчө өлкөлөрдүн аймагында жарандардын жана товарлардын эркин өтүшүнө шарт түзүү жөнүндө кеп болгонун билдирди. Анын айтуусунда, быйыл 18-сентябрда ЖККУнун түзүлгөнүнө 5 жыл толот.(MSu)

XS
SM
MD
LG