Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

17:45 Жалал-Абадда Эл аралык Республикалык институт саясий партияларга семинар өткөрдү


«Шайлоо өнөктүгүн башкаруу» деген тема алдында өткөн семинарга «Ата Мекен», “Эркиндик”, “Жаңы Кыргызстан” жана “Ак жол” партияларынын облустагы өкүлдөрү менен депутаттыкка талапкерлер, байкоочулар катышты. Алар жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолорду өткөрүү, аны көзөмөлдөө жол-жоболорун талкуулашты. Депутаттыкка талапкерлердин программасындагы чабал жактарын аныктап-оңдоо, үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоочулар менен жолугушууларды уюштуруу өңдүү иш-чараларды өткөрүү тууралуу кеп-кеңештер, эл аралык таяжрыйба менен бөлүшүү каралган. Облустук шайлоо комиссиясы аймактык-участкалык шайлоокомдор үчүн семинарларды жер-жерлерде өткөрүүдө. Жалал-Абад шаардык аймактык комиссия бул калаада жашабаган 25 кишини шаар кеңештин депутаттыгына талапкерликке каттаган жок. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG