Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

17:55 Аксы районунда күйдүргү дартына шектелген төрт киши дарыланууда


Алардын экөө 10-сентябрда, дагы экөө ооруканага кечээ (12-сентябрь) түшкөн. Күйдүргүнүн тери формасын жуктурушу мүмкүн деген күмөн менен жаткандардын арасында 7 жашар бала да бар. Илдет азырынча расмий аныктала элек. Шектелгендер менен өлгөн малдын этин текшерүү Ошко жиберилди. 3-сентябрда өлгөн уйду союуга райондун Ак-Суу айлынын мал доктуру уруксат берип, этти 17 үй бүлө бөлүп алышкан. Учурда ошол эттен жеген 75 кишинин ден-соолугуна доктурлар көз салууда. Аксы районунда күйдүргүнүн 14 очогу катталып, алардын айлана-тегереги тосулду. Быйыл облуста күйдүргү дарты бир нече райондордо чыгып, Ноокен менен Сузак районунда күйдүргү он адамдан чыкканы расмий түрдө аныкталган. Июль айында сузактык 78 жаштагы карыя бул илдеттен каза болгон. (YA)

XS
SM
MD
LG