Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

18:10 Нарын шаарында абак салуу боюнча даярдыктар жүрүүдө


Өткөн айларда жалпыга маалымдоо каражаттары Адилет министрлигине шилтеме берип Нарын шаарына абак куруу болжолдонулуп жаткандыгын жарыялашкан. Ал эми Нарын шаарындагы айрым серепчилер Торугарт-Бишкек кан жолуна жайгашкан шаарга абак салуу туура эмес, криминалдык абал күчөйт деген пикирлерин билдиришкен. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, өлүм жазасына тартылып бирок өмүр бою абакка отурууга өкүм алган эки жүзгө чукул адам жаңы курула турган абака кармалышы ыктымал. Бүгүн «Нарын.KG» медиа борборунда өткөн маалымат жыйынында Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бейшенаалы Боогачиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, аталган иш боюнча өкмөттүн токтомдорун аткарууга милдетүүбүз деп билдирди.(JI)

XS
SM
MD
LG