Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ: БИЙЛИК САЯСИЙ КУУГУНТУГУН КҮЧӨТҮҮДӨ


Аманбек Жапаров, Бишкек “Эрк” партиясынын лидери, мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу өзүнө карата бийликтин саясий кысымын токтотууну жана президенттен мыйзамды аткаруусун талап кылып өлкө башчысы Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери анын мурдатан бери жашап келаткан батири боюнча жана мурда чогуу иштеген адамдарды суракка алып, психологиялык кысым көрсөтүүдө. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов болсо Турсунбай Бакир уулунун президентке карата айткан дооматында негиз жок экендигин билдирди.

Кыргызстандын биринчи Акыйкатчысы, коомдук ишмер Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынын өткөрүп, бийлик тарабынан саясий куугунтук болуп жатканын жарыялады. Ал ошондой эле президент Курманбек Бакиев «Акыйкатчы жөнүндө» мыйзамды аткарбай, алигиче ага кызмат бериле электигин баса белгиледи.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык Акыйкатчыны президент токтоосуз кабыл алышы керек эле, тилекке каршы Турсунбай Бакир уулу бул кызматты ээлеп турганда үч жолу кайрылса дагы президент аны кабыл албай койгон. «Эми жетинчи ирет кайрылуумду президентке массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирейин деп чечтим»,- дейт Турсунбай Бакир уулу:

- Саясий куугунтук күчөп жатат. Мына мен 7 айдан бери кызматы жок бош жүрөм. Бул саясий куугунтуктун бири. Эсептөө палатасы мени эки жолу текшерди. Эми алардан кийин министрдин орун басарынын буйругу менен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери келип, тергөөчүгө бир бөлмө берилип, Акыйкатчы институтунда мурдатан иштеп келген кызматкерлерди суракка чакырып, бардыгын жазуу түрүндө суракка алып жатат. Анан аларды коркутуп жатышат. Псиохологиялык таасирин тийгизип жатышат. “Акыйкатчыга батирин менчиктештирүүгө уруксат бердиңер беле же жокпу?” деген негизде.

Турсунбай Бакир уулу белгилегендей, ал мурдатан бери жашап келаткан батирин эми Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери иликтөөгө алган. “Үй жайга байланыштуу маселени иликтөө Улуттук коопсуздук кызматынын иши эмес”, - дейт экс-Акыйкатчы:

-Эгерде мен тыңчы болсом. Кыргызстандын душманы болуп чыксам, анда Коопсуздук кызматы мени текшериши керек эле. Мени камаш керек эле. Үй маселесин УКМКнын текшериши уят, шермендечилик. Эмне Кыргызстанда Улуттук коопсуздук кызматынын мындан башка жумушу жокпу. Бирде Жогорку Кеңештин маалымат катчысын камап коет. Эми менин ишими чукулап жатат.

“Эрк” партиясы бийликке карата конструктивдүү оппозицияда экендигин, радикалдуу оппозиция менен кызматташууга даярдыгын билдирген Турсунбай Бакир уулу учурда Кыргызстанда кошоматчылардын, эки жүздүүлөрдүн доору өкүм сүргөнүн кошумчалады. “Кыргызстандагы саясатчылардын эки жолу бар. Биринде бийлик өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылат же түрмөгө отургузат. Мен өз өлкөсүнүн патриоту катары эч качан Кыргызстанды таштап кетпейм”,-дейт мурдагы Акыйкатчы.

Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов болсо Турсунбай Бакир уулунун президент Курманбек Бакиевге мыйзамды сактабайт деп доомат коюшунда негиз жок экендигин айтат:

- Акыйкатчы болуп шайланганга чейин Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин депутаты болуучу. Бул шайланган кызмат. Ошондуктан мыйзамды карап көрүш керек. Эгер ал шайланган кызмат болсо ага кандай кызмат берилиши керек деп. Анан саясий куугунтуктап жатат дегени боюнча бул чарбалык иш болушу керек. УКМКнын текшерип жатканы боюнча менде такыр маалымат жок. Менимче, бул маселе мыйзам чегинде каралышы керек. Кандайдыр бир маселелер болсо маалымат жыйынын уюштурбай эле сотко кайрылып чечип алса болот эле. Эми саясий куугунтук дегени, бул эми суу кечпеген нерсе.

Айрым талдоочулардын божомолунда, кийинки мезгилде жогорку кызматтарда иштеп, бийлик менен табакташ болуп жүрүп, кийин кызмат ордунан кыйшайганда куугунтукка алынган төбөсү көрүнгөндөрдү президенттик администрация 2010-жылда өтүүчү президенттик шайлоого чейин тазалоо аракетин көрүп жатышы мүмкүн.

Мындай тагдырга буга чейин жооптуу кызматтарда жүрүп кийин камакка алынган Ишенбай Кадырбеков, кылмыш иши козголгон Муктар Өмүракунов, АКШдан Мекенине келе албай жүргөн Равшан Жээнбеков, Швецияга кетүүгө аргасыз болгон Эдил Байсалов туш келгенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG