Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:43

Айгүл Жунушалиева, Бишкек Жогорку Кеңеште банк иштерине байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлору каралды. Алардын арасында эл аралык террорчулукту каржылоо жана арам акчаны адалдоо менен күрөшүүгө байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Алардын бири боюнча эми банктар бир миллион сомдон өйдө суммадагы операциялар тууралуу маалыматты каржылык чалгындоо кызматына берип турушу керек. Бул болсо арам акчаны адалдоого каршы туруу үчүн жасалган кадам деп белгиленүүдө.

Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоонун бир канча жолу бар. Маселен, турак-жай сатып алуу менен арам акчанын изин жашырып кетсе болот. Адистер көп учурда арам акчаны адалдоо банктарга акча каражатын салуу аркылуу ишке ашаарын айтышат. Дал ушундай көрүнүшкө бөгөт коюу үчүн бүгүн парламентте эл аралык террорчулукту каржылоо жана арам акчаны адалдоо менен күрөшүү боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилди.

Алардын эң маанилүүсү - эми банктар 1 миллион сомдон өйдө өлчөмдөгү операциялар тууралуу маалыматты каржылык чалгындоо кызматына берип турушу керек. Эгер укук коргоо органдары ал акча кылмыштуу жол менен табылганын аныктаса, анда тийиштүү чараларды көрүшөт.

Талкуу учурунда талаш-тартыш дал ушул 1 млн. сомдук чектин айланасында жүрдү. Бир топ депутаттар бул өтө эле аз сумма деген пикирлерин билдиришти. Мисалы депутат Бегаалы Наргозуев бул өлчөм жок дегенде 5 млн. сом болушу керек эле деген оюн айтат:

- Бир млн. сом долларга которгондо 30 миңдин эле тегерегинде болуп жатпайбы. Ушул тапта көп эле адамдар ушунча каражатты которуп, ар кыл операцияларды жүргүзүп жатышат. Бир бөлмө үй алсаң керек болсо андан көп каражат кетет. Менин мурунку тажрыйбам боюнча айтсам, учактын бир эле тетиги 10 млн. сом. турушу мүмкүн. Анан он тетик үчүн акча которгон авиакомпания каржылык чалгын кызматына канча жолу отчет бериши керек?

Дагы бир депутат Асылбек Жээнбековдун айтымында, мындай чечим коррупцияга шарт түзүп бериши мүмкүн:

- Негизи мен мындай өзгөртүүгө каршымын. Канчалаган кыргыз мигранттары жакындарына көп суммадагы акчаны жөнөтүп атышат. Анан алардын баарын эле кылмышкер же террорист деп санаган болбойт да. Анан дагы бир миллион сомдук чек өзү өтө эле аз. Муну менен биз коррупцияга жол беришибиз мүмкүн. Мисалы эртең каржылык чалгын кызматын абийирсиз бирөө жетектеп калса эмне болот? Ал банктык эсепке отуз миңдей доллар которгон жөнөкөй эле адамдан “Кайдан алдың бул акчаны, балким бул арам акчадыр?” деп сурап, өзүнүн пайдасына иштеши толук ыктымал. Биз буга жол бербешибиз керек эле.

Дегени менен мыйзамга жогорудагыдай өзгөртүүнү – 1 млн. сомдук чектөө киргизүүнү депутаттар колдоп беришти.

Эл аралык террорчулукту каржылоо жана акчаны адалдоо менен күрөшүү тууралуу мыйзам 2006-жылы кабыл алынган. Ошондон тарта коммерциялык банктар каржылык чалгындоо кызматына финансылык операциялар тууралуу маалымат берип келишкен. Бул өз учурунда “Банктык жашыруун сыр жөнүндө” мыйзамдын бузулушуна алып келген. Эми, тийиштүү өзгөртүү киргизилген соң аталган проблема жоюлду.

Банктар союзунун жетекчиси Анвар Абдраев ушул жагдайдан караганда, мындай өзгөртүүнүн кабыл алынышы оң иш болду деген пикирде:

- Эки жыл бою банктар айрым учурда аргасыз башка мыйзамдарды бузууга барып жатышкан да. Негизи бул өзгөртүүнү мурда эле кабыл алуу керек эле. Ортодо бир топ убакыт өтүп кетти.

Депутаттардын арасында бир млн. сомдон ашык акчага операция жүргүзгөн ар бир кардар үчүн отчет берүү, кагаз толтуруу өңдүү иштер көбөйүп, банктардын жумушу кыйындашы мүмкүн дегендер да болду.

Анвар Абдраевдин айтымында, сөз болуп жаткан өзгөртүү тууралуу эки жыл талаш жүрүп жаткан учурда банктар отчет берүү боюнча компьютердик программаларды иштеп чыгып, керектүү иш-кагаздары даярдап, кардарларга маалымат берүүнү да колго алып коюшкан. Башкача айтканда каржылык чалгын кызматына байма-бай отчет берип турууга банктардын көбү даяр болуп калды.
XS
SM
MD
LG