Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

АКШнын вице-президенттикке талапкери Сара Пэйлин айым Грузия менен Украинаны НАТОго кабыл алууга чакырды


Республикачылар партиясынын атынан вице-президенттикке талапкер катары аталгандан бери Пэйлин айым алгачкы жолу сыналгы аркылуу эл алдында чыгып, эгерде Грузия НАТОнун мүчөсү болгондон кийин Орусия кайра анын аймагына аскер киргизчү болсо, анда АКШ согуш баштоого даяр турушу керек, деген оюн билдирди. Пэйлин айым Грузия жикчил Түштүк Осетиядагы кырдаалды жөнгө салганы барганда Орусиянын кийлигишкени “акылга сыйбай турган иш”, - деп Кремлди кескин сынга алды. Ошону менен катар эле АКШ менен Маскөөнүн ортосунда совет ддоорундагыдай "кансыз согуш" кайталанбоого тийиш, - деди Алясканын губернатору Пэйлин айым.

XS
SM
MD
LG