Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Түркмөнстандагы белгилүү саясатчы жана укук коргоочулардын бири Жумамырат Кыясов жума күнү (12-сентябрда) 68 жашында узакка созулган оорунун айынан кайтыш болду. Түркмөн коомчулугунун жана орусиялык укук коргоочулардын өкүлдөрү маркумду ишембиде (13-сентябрда) Маскөөдө акыркы сапарга узатышмакчы. Анын жесиринин “Азаттыкка” кабардашынча, маркумдун сөөгү Орусиянын борбор шаарындагы мусулман көрүстөнүнө коюлат.

Жумамырат Кыясов тууралуу Түркмөнстанда кабардар болбогон киши жоктой. Ал эл-жеринин демократиялык келечегин эңсеп тим болбостон, ошол мүдөө үчүн күрөш жүргүзүп келгени менен мүлдө журтуна таанымал болчу.

Анын бала чагы жетимдиктин зардабы менен өткөн. Анын атасы теке уруусунан. Атасы Экинчи дүйнөлүк согуштан кайтпай калган Жумамырат мурдагы президент, маркум Сапармурат Ниязов (Түркмөнбашы) менен бирге Тежендеги жетим балдар үйүндө тарбияланган. Өз киндигин өзү кесип, эрезеге жетип, , Маскөөгө келет да, Г.В.Плеханов атындагы институтта (азыркы эл аралык экономикалык академияда) окуп, экономист адистигин алган.

Ал кайсы бир жылдары Түркмөнфилм киностудиясында башкы эсепчи кызматын аркалайт. Кайра Маскөөгө кайтып келип, жүрөгүнө арзыган орус кызы Екатеринага үйлөнөт, бала-чакалуу болот.

Бир кезде аны менен чогуу балдар үйүндө тарбияланган Сапармурат Ниязов Түркмөнстандын Компартиясынын Биринчи катчысы жана андан соң президенти болуп, авторитардык режимди диктатордук зулумдук башкарууга чейин жеткирген чакта, Жумамырат өз атажуртундагы коомчулуктун азап-тозогуна каршы күрөшкө аттангандардын сабына кошулат.

Эгемендиктин алгачкы жылдары өз элине кайткан чагында, албетте, ал саясий ишмердүүлүк үчүн эч мүмкүндүк ала албаган. Кайра Маскөөгө кайткан.

Эркин басма сөз үчүн Түркмөнстанда эч бир мейкиндик калбаган чакта, ал Маскөөгө кайтып келет да, укук коргоочу катары ишмердүүлүгүн күчөтөт.

Бул шаарда ал Түркмөнстандагы адам укуктарын коргоого багытталган өкмөттүк эмес коомду уюштуруп, эл аралык укук коргоочу уюмдар менен тыгыз кызматташып, өз атажуртундагы адам чыдагыс укуктук акыбал тууралуу дүйнө коомчулугуна байма-бай маалымат таркатты.

1997-1998-жылдары мурдагы түркмөн тышкы иштер министри, маркум Абды Кулиев оппозициянын лидерлеринин бири катары жигердүү иш жүргүзүп жаткан чакта, Жумамырат Кыясов аны менен бирдикте “Түркмен эли” журналын жарыялап турган.

“Азаттык” менен да тыгыз кызматташтып, өлкөсүндөгү кырдаал тууралуу нечен ирет дил маек курган, Түркмөнбашынын режими тууралуу ачуу сын пикирлерин айтып турган.

Түркмөн элинин белгилүү диссидент жазуучусу, ушул тапта Прагада жашап жаткан Кудайберды Халлыев “маркум Жумамырат өзүнүн калыс сөзүн айтуудан эч бир убакта жалтанбаган азамат эле” деп биз менен курган маегинде эскерет.

Жумамырат ага оорунун айынан төшөккө жатып калганын угуп, түркмөндөрдүн белгилүү диссидент жазуучусу жана журналист Жовшаң Аннакурбан мырза эки апта мурда ага чалганда, ал өзүнүн начардаган саламаттыгы тууралуу эмес, атажуртундагы мыйзам бузуулар, калайыктын оор социалдык жагдайы, укуксуздугу тууралуу жаны ачып сөз курган экен.

Маркумдун жесири Екатерина Ивановна Жумамырат Кыясов аганын сөөгү ишембиде Маскөөдөгү мусулман көрүстөндөрүнүн бирине коюлаарын “Азаттыкка” билдирди.

Ошентип, чакан жүрөгүнө Түркмөнстанга карата залкар сүйүүүсүн батырган дагы бир инсан бозгунда жүрүп о дүйнөгө узады. Анын артында жубайы, кызы, неберелери, “элдин сыймыктуу уулу” деген жакшы аты калды.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко, болсун, дешет аза күткөн анын улутташтары жана башка терең кадырлаган замандаштары.
XS
SM
MD
LG