Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:29

МАМДУМА ЧЕТТЕ ЖАШАГАН МЕКЕНДЕШТЕРГЕ ОРУСИЯ АТУУЛДУГУН БЕРҮҮ ЖОЛУН ЖЕҢИЛДЕТТИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы «Атуулдук жөнүндө» мыйзамга толуктоолорду Орусиянын Мамлекеттик думасы үчүнчү жана акыркы жолку окуудан өткөрүп, кабыл алды. Толуктоолор чет элдиктерди жана Орусияга мекендештерди көчүрүп алуу программасынын алкагында келип, бирок атуулдугу жок жашап жүргөндөрдү орусиялык атуулдукка алуунун тартибин оңойлотту. Буга дейре аларга коюлуп келе жаткан мыйзамдагы талаптар, маселен, каттоодон өткөн жеринде сөзсүз беш жыл жашоо талабы болбойт. Жанын багыш үчүн мыйзамдуу түрдө таап аткан кирешесинин булагын далилдештин кажети болбойт, ал тургай, орус тилин билүүнүн да кажети жок болот. Жеңилдетилген тартип эмгектенген мекендештердин керт башына гана эмес, алардын үй-бүлөсүнө да тийешелүү.

Орусия четте жашап аткан боордошторун ыктыярдуу түрдө көчүрүп алуу үчүн мамлекеттик программа кабыл алган. Бул программа Владимир Путин президент болуп турган кезде, 2006-жылы июнь айында кабыл алынган. Ал жерде жазылганга караганда, «эгерде Орусия Федерациясынын аймагында төрөлсө, же бул же тигил кишинин ата-энеси Орусия Федерациясында туулса», мындай киши азыркы орустардын «мекендеши» болуп эсептелет.

Чет жердеги улутташтарын жана мекендештерин Орусияга өз ыктыярына ылайык Орусияга көчүрүп алуу программасы 2007-жылдын 1-январынан күчүнө кирген.

Бирок адистер азырынча чет жакада жашаган орустардын өз ыктыяры менен көчүп келүүсү ошончо эле көп эмес экенин белгилешет.

Баса, документте Кремл бийлигинин чет өлкөдөгү боордошторуна берген убадасы кыйла дурус.

Маселен, четтен көчүп келгендер, болочокто жашачу жерине келгенден кийин ага мамлекет жол киресин, документтерди алмаштырууга кеткен чыгымын, жарым жылга дейре жеткидей жөлөк пул бермек. Андан сыркары доктурга көрүнүү, дарылануу, балдарын мектептерге берүү, ымыркайларын бала бакчага берүү да бекер болмок.

Бирок алгачкы жыйынтыктын ич жылытарлык эмес экенин анализчилер айтышууда.

Маселен, Федералдык миграциялык кызматтын жетекчилеринин бири Владимир Каландынын айтканына карагандаЖ

- Программанын алкагында кийинки алты ай ичинде Орусияга көчүп келгендердин эсеби, дегинкиси, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан миңге чукул кишиге жетти. Дагы эки жарым миңдей киши программага катышуу күбөлүгүн алып, көчүп чыгуу камылгасын көрүүдө.

Ар кайсы булактар таркаткан маалымат боюнча азыркы учурда Орусиядан четте 18ден 25 миллиондой теги орус атуул байырлап келет.

Серепчилердин чечмелөөсүндө бул мыйзам Орусияга иш издеп сүңгүп келип аткан эмгек мигранттарын эмес, теги орус тургундарды чет өлкөдөн Орусияга көчүрүп алуу аракетинен улам жазылган.

Баса, үстүбүздөгү жылы орусиялык бийлик ырасмий түрдө чет мамлекеттен келип иштөө үчүн эки миллион кишиге квота бөлгөн.

Ошого карабай, алдыңкы күнү Федералдык коопсуздук кызматынын (орусча ФСБ) карамагындагы чегарачылык башкармасынын өкүлү таркаткан маалыматта «быйылкы жылы он миллиондой мигрант мыйзамсыз түрдө Орусиянын ичине кирген» деп айтылат.

Эң катаал жери - мигранттардын арасынан Орусиянын атуулдугун алып, бирок ошондон соң кыйла түйшүккө дуушар болгондор бар экени аныкталды.

«Азаттыктын» Тажик кызматынын кабарчысынын айтымында, колунда паспорт болгон күндө да жаңы кабыл алынган атуулдар башын калкалар жери болбосо, мурдагыдай эле иштерине иш, жатарына жай таппай атышканын айтат.

Тажикстандан келип орусиялык атуулдук алгандар турарга жери жок милиция колуна түшүп, ар бир жолу 20 миң рубл айып пул төлөп атканын «Озоди» үналгысынын кабарчысы Мухаммадрахим Сайдаров айтат:

- Мамлекеттик дума кабыл алган мыйзамга кошумча киргизүү чындык үчүн иштебейт. Бул жерде Орусиянын атуулдугун алып, кийинчерээк азап тартып аткандар көбөйдү. Эгерде тигил же бул кишинин паспортунда кайсы бир жерде катталганы тууралуу маалымат болбосо, анда ошол кишинин Орусияда иш табышы кыйынга туруп атат. Андай бечара милициянын колуна улам түшүп, улам ага айып пул төлөөсү улантылып жатат.

Белгилүү демограф, академик Анатолий Вишневский, маселен, Орусия калкынын уламдан-улам азайып жаткандыгы тууралуу “Азаттыкка” мындай дейт:

- Азыр 1992-жылга салыштырганда Орусиянын калкы 6,5 млн кишиге азайды. Бул - бир чакан өлкөнүн калкынын жок болушу дегенди туюнтат.

Бул пост-советтик өлкөнүн ырасмий булактарынын маалыматы боюнча, кийинки 18 жыл ичинде Орусияда калктын саны кыскаруунун гана үстүндө.

XS
SM
MD
LG