Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

КҮЙДҮРГҮ КАДАМ-ЖАЙ РАЙОНУНА ЖЕТТИ


Кадам-Жай районунун аймагынан 11 адам күйдүргү дартына шектелип дарыланууда. Учурда алардын бешөөсүнүн илдети күйдүргү экени аныкталды. Алардын ичинде беш жашар бала да бар. Алдын ала иликтөөнүн натыйжасында бардык түшкөн орулуулар илдетти уйдун этинен жуктуруп алгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда Оштогу райондор аралык ветеринардык диагностика борбору күйдүргүнүн жаңы аныкталган очокторуна айланган Үч-Коргон жана Марказ айыл өкмөттөрүнөн алынган мал этинде жана топуракта жугуштуу дарттын вирустары бар экенин тастыктады.

Учурда Кадам-Жай районунда шектүү делген 11 адамдын бешөөсү күйдүргү дартына чалдыккан деп ырасталды. Алардын арасында беш жашаар Үч-Коргон айыл тургуну да бар. Марказ айылынын тургуну 50 жаштагы эркектин абалы орто оор абалда деп айтылууда. Үч-Коргон аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү учурда күйдүргү дартына чалдыгып, же шектелип жаткандар үчүн атайын бошотулуп, орулууларды дарылоого ылайыкташтырылды. Бул тууралуу Үч-Коргон аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Гыламжан Касымов айтты:

- Азыркы учурда бизде 11 оорулуу жатат. Мындан бешөөнүн оорусу ырасталды, калгандары текшерилип атат. Баары дарыланып атат, дарылар менен камсыздалган. Бишкектен, Баткенден консультанттар келип көрүп кетишти. Глобулинди Бишкектен алдырып келдик. Бүгүнкү күндө Оштон дагы беребиз дешти, бир дарыгер кетти.

Ошол эле учурда күйдүргү илдетинин жаңы очоктору деп айтылып жаткан Кадам-Жай районунун Үч-Коргон жана Марказ айыл өкмөттөрүндө Баткен облусунун ветеринардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери да иштеп жатышат. Баткен облустук малдардын ден-соолугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Эркин Таштановдун билдиришинче, Марказ жана Үч-Коргон айылдарында оорулуулар катталган үйлөр азырынча өзгөчө көзөмөлгө алынып, кошумча тосмолор коюлууда:

- Кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүп атабыз. Кечээ кечинде биринчи сибирь жарасы аныкталды деп экспертиза келди. Бул Марказ айыл өкмөтүндөгү Көк-Талаадагы торпоктун жыйынтыгы. Андан тышкары бүгүн Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн эки жаранынын малы, бири 5, бири 9 айлык торпок, азыр биз Ош лабораториясы менен сүйлөштүк, булар дагы илдетке чалдыккан деген диагноз берди. Ал жерде эт көмүлгөн жерди бетондоп, темир тосмо менен тосконго алар ишке киришти.

Оштогу райондор аралык ветеринардык диагностика борбору Үч-Коргондон жана Марказ айылынан алынган мал калдыктарынан жана топурактан күйдүргүнүн вирустары бар экенин аныктаган. Буга байланыштуу Кадам-Жай районунда өзгөчө абал жарыяланып, облустагы башка ооруканаларда да иш күчөтүлгөн абалга өткөрүлгөн. Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын башкы дарыгери Тажиниса Шорокова бул тууралуу мындайча маалымат берди:

- Бизде дагы коркунуч бар. Келген оорулуулар менен алдын алуу иштерин талаптагыдай жүргүзгөнгө аракет кылып жатабыз. Көзөмөлдөө боюнча мурдагыга караганда күчөтүлгөн режимде иштеп жатабыз.

XS
SM
MD
LG