Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

"Айк" деп аталган зор ураган АКШнын Техас штатына жетти


Ылдамдыгы саатына 170 чакырымды түзгөн шамал артынан чоң суу ташкынды жана деңиз жээгиндеги аймактарда талкаланууларды алып келүүдө. Чөлкөмдө электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурады.
Узундугу адаттан тыш ураганга кабылуучу аймактын жалпы узундугу 1000 чакырымга жетээри күтүлүүдө. Бийиктиги алты метрлик толкунга Техас штатынан эң биринчи болуп бүгүн эртең менен Галвестон шаары кабылды. Мурдараак кооптуу делген аймактардан бир миллиондой адам убактылуу көчүрүлгөн.
Ураган азыр Техас штатынын төртүнчү ири шаары, 5 миллиондой адам жашаган Хьюстонго багыт алды. АКШнын ички коопсуздук министри Майкл Чертофф "Айк" ураганынын күчүн "катастрофалык " деп мүнөздөдү, өзгөчө абал боюнча кызматтар күжүрмөн даярдыкка келтирилди.

XS
SM
MD
LG