Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

13:05 А.Жекшенкулов: Өлкө катаал мезгилди башынан кечирип жатканда Кыргызстандан эч жакка кетпейм


Мындай пикирин “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов “Асман пресс” гзитинде “А.Жекшенкулов Кыргызстандан кетүүгө аргасызбы?” деген чакан макалага жооп катары билдирди. Саясатчынын айтымында, гезитте анын Америкага кетип жаткандыгы тууралуу маалымат чындыкка оошпойт. “Мындай маалымат оппозицияны жамантты кылуу максатында кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен жарыяланды. Бирок оппозиция мындан ары да активдүү иштей берет”, дейт А.Жекшенкулов “Азаттыкка”. “Асман пресс” гезитинин 11-сентябрдагы санында “А.Жекшенкулов Кыргызстандан кетүүгө аргасызбы?” деген аталыш менен чакан макала жарыяланган. Макалада “Анан калса Жекшенкулов Кыргызстандан Америкага кетүүгө аргасыз болуп жатыптыр. Атайын кызматтар тарабынан үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүлүп жатыптыр. Өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн кетет сымал. Сыягы, оппозициянын баары эле Америкага оойт окшойт”, деп жазылган.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG