Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Кыргызстандагы энергетикалык кризис кыш жакындаган сайын калкты кантип отун-суу менен камсыз болуу түйшүгүнө салууда. Быйылкы жылы көмүрдүн баасы өлкөнүн түштүгүндө да кымбат. Ушул тапта алыскы Баткенде 1 тонна көмүр 6,5 миң сом болууда. Ошол эле учурда аткаминерлер “кара алтындын” баасы тоннасына 3 миң сомдон ашпайт деген убадаларды байма-бай берип келишет. “Азаттыктын” жекшембилик “Адам жана базар” аттуу экономикалык түрмөгүнүн бүгүнкү чыгарылышында мына ушул маселе тууралуу кеп болмокчу.

Быйылкы кышта энергетикалык кризис күтүлүп жатканы тууралуу мамлекет башчы Курманбек Бакиев баш болуп өкмөттүк аткаминерлер калайык-калкка байма-бай эскертип келе жатышат. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан кышында ал мурдагыдай электр кубаттуулук бере албастыгы эскертилип, турак-жай, мекеме-ишканалардын баарын электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынууда.

Белгилүү болгондой быйылкы жылы орто мектептерди, ооруканаларды жана башка социалдык мекемелердин баарын көмүр менен жылытууга өткөрүп, өлкөнүн бардык аймактарындагы мындай жайларды көмүр менен камсыз кылуу тууралуу өкмөттүн буйругу бар.

Бирок жер-жерлерден түшкөн маалыматтар боюнча өкмөттүн мындай көрсөтмөсү азырынча аягына чейин аткарыла элек. Буга каржынын тартыштыгы жана көмүр баасынын былтыркыдан дээрлик эки-үч эсе кымбаттап кеткени себеп болууда.

Баткенде 1 тонна көмүр 6,5 -7,5 миң сом

Абдипатта Баткен шаарындагы борбордук базарда көмүр саткан жалгыз киши. Анын пикиринде көмүрдүн үстүнө кошулган баа килограммына бир эле сомду түзүүдө. Анан да көмүрдү Сүлүктүдөн облустун башка аймактарына ташып жеткиргендер жокко эсе. Себеби, көмүрдү Сүлүктүдөн сатып алуу өтө эле кыйын, кезекти тажикстандыктар жана Ош облусунан келгендер ээлеп алышат:

-Көмүрдү мага Сүлүктүдөн алып келип беришет. Мен көмүрдүн килограммын алты жарым сомдон алып, аны жети жарым сомдон сатам. Кымбат болгондон кийин эч ким саткысы келбейт.

Облустагы көмүр тартыштыгы тууралуу өзүнүн кабатырлануусун Баткен губернатору Маратбек Жумабеков да билдирүүдө. Ал район жетекчилерине элге көмүр эле эмес, тезек жана газ жеткирүүгө да көңүл бурулуш керектигин эскертти:

-Биздеги обьем жетпей жатат. Ошон үчүн баарыңар, айрыкча район жетекчилери карап чыккыла кай жерге тезекти, кай жерге газ жеткиришти.

Деген менен көпчүлүк баткендиктер али көмүр сатып алууну ойлонуштура элек. Алардын пикиринде, өткөн кыш чилдеден эптеп чыккандар үчүн быйылкы таш көмүрдүн асмандаган баасы алдыдагы ызгаар менен үшүккө чыдагандан башка айла жок дегенден кабар берет. Өзүн Муратали деп тааныштырган айыл тургуну “Азаттыктын” кабарчысына төмөнкүдөй пикирин билдирген:

-Менин үч балам бар. Былтыр кышта суук болгон эле, быйыл да көмүр ала элекпиз. Сүлүктүдө көмүр чыгат, ал эмнеге Баткенге жетпейт ушуну түшүнбөйбүз.

Башкалардан айырмаланып Баткен шаарынын тургуну Нурбек баасы кымбат болсо да көмүрдүн үч тоннасын үйүнө түшүрүп алды. Ал көмүрдү жети миң сомдон алган.

Баткенде мектептерге көмүр жеткирүү да кыйла солгун жүргөнү маалымдалууда. Муну Баткен облустук акимчилиги берген маалыматтан да байкаса болот. Анда облустагы мектептерге талапка ылайык ташыла тургун 8300 тонна көмүрдүн ордуна болгону 2200 тоннадан ашыгыраагы гана жеткирилген. Бул болсо облустагы мектептерди көмүр менен камсыздоонун 27 пайызын араң түзөт.

Көмүргө акчасы жок эл токой кыйганга киришти

Жалал-Абадда да көмүрдүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу бир топ жогорулады. Облус көмүр кенине бай, токой-бактуу аймак болгонуна карабастан, отун-көмүр тартыштыгы бул аймакта да катаал тейден калууда. 1 тонна көмүрдү 4,5 -5 миң сомдон сатып ала албаган жарандар токойлорду кыюуга киришти.

Облустагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо жайларын кышка даярдоо аракети менен мектептерге 10 276 тонна көмүр ташуу жагы белгиленген. Мурда ар бир тонна көмүрдү эки миң сомдон сатып алуу жагы каралса, ушу тапта ал эки эсе кымбаттаган. Облустук бийликтин транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаевден алынган маалымат боюнча дарылоо мекемелерин көмүр менен камсыздоого эки миллион сом акча жетишсиз. Ал облус боюнча 77 жерде көмүр сатуу жайлары уюштурулганын билдирди:

-Майлы-Суу шаарында бир тонна көмүр эки жарым миң сомго бааланууда. Биздин облуста 6 784 тонна көмүр камдалган. Тапшырма 94 пайызга аткарылды. Ал эми жалпы керектөөнүн 66 пайызы аткарылды. Бүгүнкү күндө мектептерге жана ооруканаларга көмүр камдоо кызуу жүрүп жатат. Бардык райондорго облустук штабдын мүчөлөрү барып, текшерүү жүргүзүп атышат.

Жол кире чыгымдары кошулганда көмүрдүн баасы бир топ кымбатка турууда. Калктын кыштан чыгуусу үчүн зарыл болгон 51 400 тонна көмүрдүн 14 миңи гана даярдалганын район, шаарлар администрациялары билдиришкен. Саламаттык сактоо жайларына керек болгон 1 170 тонна көмүрдүн 456 тоннасы гана ташылып алынган. Электр жылыткычтан көмүргө өтүүгө тийиш болгон мектептердин бири да андай ыкманы киргизе элек.

Коомчулук болсо көмүр менен мектептердин 66 пайызы камсыз болуп бүттү деген маалыматтарга ишенбейт. Маселен, Жалал-Абад шаарындагы 20 мектеп менен 20 балдар бакчасына керектүү болгон көмүрдүн ондон бир бөлүгү да ташылган эмес. Белгиленген эки балдар бакчасы жана эки мектеп борбордук жылытуу тармагына өткөрүлө элек. Мындай маалымат шаардык билим беруу башкармасынын орунбасары Мамасалы Эрмаматовдон алынды:

-Шаар боюнча 435 тонна көмүр керек болсо, бүгүнкү күндө 30 тоннасы гана келди. Анткени көмүр алууга тийиштүү акча шаардык мэрия тарабынан бериле элек. Каражат колго тийсе, тендерден өткөн киши бизге көмүрдү толугу менен алып келмек. Дагы үч мектепке генератор сатып алып, даярдап койдук.

Жашоого зарыл азык-түлүк, тейлөө буюмдары, көмүр-отун өтө кымбаттаган чакта карапайым калктын капчыгына кыйын болууда. Колунда ашыкча акчасы барлар кымбаттыгына карабай көмүр мештерди, электр жарыгын берчү жабдууларды камдап алышты. Ал эми тапкан каражаты үй бүлөсүнүн тамак-ашынан ашпаган тургундардын колу мындай камылгаларга жете элек. Базар-Коргон районунда бир тонна көмүрдүн баасы 4 -4,5 миң сомго чыгууда. Акман айылынын тургуну Маман Доулдаев айлыгы, пенсиясы бир тонна көмүргө жетпеген адамдар кышта кантээри белгисиз дейт:

-Мамлекет тарабынан айыл-кыштактарга отун-көмүр ташылып берилбейт, соодагерлер каалаган баасында сатышат. Төрт миңден алып атабыз. Эл аябай кыйналып кетти. Мен деле ала элекмин. Тапканы тамак-аштан артпагандар кандай кылышат, белгисиз.

Сузак районунун тургуну Узакбай Маматкуловдун пикирине караганда, алдыдагы кышка камдануу дегеле алымсындырбайт:

-Жалал-Абад шаарында Көк-Жаңгактын көмүрү беш миң сомго чейин бааланууда. Тоолуу айыл-кыштактардын калкы албетте, мындай баадагы “кара алтынды” сатып алалбайт дагы, жан сактоо аракетинде токой дарактарына балта көтөрүүгө аргасыз. Ушул тапта токойдо мөмөлүү дарактар быякта турсун, жапайы бадалдарды сактоо да кыйын болуп калды. Көпчүлүк али кышка камдана элек.

Өлкөнүн түштүк борборунда болсо көмүрдүн баасы сапатына жараша тоннасы 4,5 миң сомдон 7 миң сомго чейин сатылып жатат. Мындай баа Ош облусунун райондук борборлорундагы отун базарларында да болууда. Кардарлар былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу “кара алтындын» наркы 2-3 эсе кымбаттаганына нааразы. Ал эми мамлекеттик «Кыргыз көмүр» ишканасынын түштүк өкүлчүлүгү кышта баа дагы көтөрүлөөрүн атйып кулак кагыш кылууда.

Облустун губернатору Аалы Карашев менен байланышканыбызда, ал кооптонууга жүйөө жоктугун билдирди:

-Аймакта көмүр сатуучу 48 бекет ишке киришти. Ошондон бери 3,5 миң сомдон 5 миң сомго чейин сатылып жаткан «кара алтындын» тоннасы 700 сомдон 2,5 сомго дейре ылдыйлады. Мындан ары кышы-жайы ушундай нарк кармалат.

Борбор калаада абал жакшыраак

Анткени көмүрдүн баасы Бишкектин базарларында кыйла арзан болууда. Сапаттуу, ышсыз, табы жакшы деп эсептелген Кара-Кече кенинен казылган көмүрдүн 1 тоннасы учурда 4-4,5 миң сомдон сатылууда. Ал эми Казакстандын Шабыркүл, Караганды кендеринен казылган көмүрдүн баасы 3-3,5 миң тоннанын айланасында. Өтүп бара жаткан жума ичи борбор калаанын айрым тургундары Казакстандын көмүрүнүн 1 тоннасын 2,500 сомдон сатып алышты.

Шаар башчысы Нариман Түлеев Бишкекти көмүр менен камсыз кылуу үчүн атайын казак тарап менен сүйлөшүүлөр болгондугун, бир гана тиешелүү өлчөмдөгү көмүрдү борбор калаага жеткирүүдө транспорт маселеси экендигин мурдараак билдирген эле.

Мэрдин 10-сентябрь күнкү маалымат жыйынында билдиргени боюнча 15-сентябрдан тарта тоннасы 2.5 миң сомдук көмүр шаардын бардык көмүр базаларына түшүрүлөт:

-Кудай буюрса, дүйшөмбү (15-сентябрь) күнү дешкен, мен шаршембиден ары эле алайын, 2,5 миң сомдон бере баштайбыз. Алгачкы 10 миң тонна шаардыктардын үйлөрүнө жеткирилип берет, калгандары көмүр базаларынан сатылат. Буюрса, бул маселени чечебиз, көмүр тартыш деп, ызы-чуу салууга негиз жок.

Ошол эле учурда көмүрдүн талон аркылуу берилип жаткандыгын, талонду жергиликтүү муниципалдык башкаруу органдарынан алуу бир топ кыйын экенине нааразылыгын билдирген адамдар да бар. “Ак ордо” жаңы конушунун тургуну Каныбек Карыбеков шаар жетекчилиги тарабынан жеткирилген арзан көмүрдү алууда жаңы конуштардын жашоочулары үчүн кыйынчылык болуп жаткандыгына токтолду:

-Бизде көпчүлүк үйлөр тургузулганына 1-2 жылдын эле жүзү болду. Үйлөрүнө каттоого тургандар аз эле. Пропискасы жокторго талон да берилбейт экен. Мына биз топбазага (жылуулук базасы- авт.) бардык эле, ал жерде жазылып турат - Караганданын көмүрү 2 600 сомдон талон боюнча берилет деп. Ошол эле жерде ортомчу кызыл кулактар келишет да, өздөрүндөгү талон боюнча 3500 сомдон сунуш кылышууда. Аларга ким берип, кайдан алышат талонду, белгисиз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG